Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Жалал-Абад облусунда видеокөзөмөл камералары 44 мектепте орнотула элек. Бул маалымат 2025-жылдын биринчи кварталын жыйынтыктаган облусттук коллегияда айтылды.
Жыйында маалым болгондой, дубанда кылмыштуулукту болтурбоо, балдарды көзөмөлгө алуу багытында мектептерде видеокөзөмөл камераларды орнотуу жумушу колго алынган.
Тактап айтканда, облустагы 441 жалпы билим берүүчү мектепке видеокөзөмөл камералары демөөрчүлөрдүн, ата-энелердин жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен орнотулган.
Ал эми 44 мектепке азырынча камералар орнотула элек.
- Сузак районунда – 14 мектеп;
- Жалал-Абад шаарында – 12 мектеп;
- Аксы районунда – 5 мектеп;
- Ноокен районунда – 4 мектеп;
- Майлуу-Суу шаарында – 3 мектеп;
- Таш-Көмүр шаарында – 2 мектеп;
- Ала-Бука районунда – 2 мектеп.
2024-2025-окуу жылына карата облустун жалпы билим берүү мектептеринде 17 миңден ашуун мугалим эмгектенет. Дубанда 43 мугалим жетишпейт.
Облустун аймагында 474 мектепке чейинки билим берүүчү мекемелери өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп, жалпы 56 миңден ашуун бала тарбияланат. Анын ичинен 265инде видеокөзөмөл камералары орнотулган.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
