Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Нарын облусунун Ат-Башы районунда бала бакчанын жетишсиздиги күч болууда. Район аймагындагы айрым ата-энелер балдарын бала бакчага бере албай кезеги жетпей жатканын аймактык кабарчыга билдиришти.
Ат-Башы айылынын тургуну Айзада Бозумбаеванын айтымында, анын 4 баласы бар. 2 баласы мектепте окуйт. 2 баласы 5 жашка чейинки балдар.
«2 балам бар. Бала бакчага онлайн кезекке турдум. Бирок кезек жете элек. Кезегим жеткичекте эле балдарым чоңоюп кетмей болду. Бала бакча тартыштыгын жоюп беришсе жакшы болот эле», – деди ал.
Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн маалыматында, учурда Ат-Башы району боюнча жалпы 576 бала бала бакчага кезекте турат.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
