Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Кыргызстандык спортчу Омар Ливаза Шри-Ланкада өткөн бокс боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатында (U-22) алтын медаль утту.
Ливаза 63 кг чейинки салмак категориясында күч сынашты, бул салмакта 6 спортчу бар болчу.
Кыргызстандык спортчу 16-майда 1/4 финалда Индиядан барган спортчуну жеңип, жарым финалда тажикстандык Руслан Гафуровду уткан.
23-майда финалда казакстандык Сералы Жолмаганбет менен күч сынашып, үч раунддун жыйынтыгында жеңишке ээ болду.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
