Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Министрлер кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик аймактык бөлүмдөрүнө айдоочулук күбөлүктөрдү алуу үчүн практикалык сынакты өткөрүүгө жаңы окуу унааларын тапшырды.
Мамлекеттик агенттиктин директору Улан Карыпбеков салтанаттуу түрдө 20 аймактык бөлүмдүн өкүлдөрүнө жаңы транспорт каражаттарынын ачкычын тапшырды.
Жаңы унааларды сатып алуу айдоочуларды сынактан өткөрүү тутумун модернизациялоо программасынын алкагында ишке ашырылууда. Мамлекеттик агенттик жалпысынан 50 даана атайын транспорт сатып алган. 30 унаадан турган биринчи партия 2025-жылдын январь айында, экинчиси май айында тапшырылды. Сатып алууга каражаттар президенттин жеке фондунан бөлүнгөн.
Транспорт практикалык сынактарды өткөрүү жана айдоочулук күбөлүк алууга талапкерлерди аттестациялоо үчүн гана колдонулат.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
