Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — 18-май күнү Ысык-Көл облусунун аймагында катуу шамал катталган. 22-майда Ысык-Көл облусунун Жарандык коргонуу комиссиялары тарабынан кошумча тактоо иш-чаралары жүргүзүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Такталган маалыматтардын ичинен:
– 178 турак үй (9у көп кабаттуу);
– 27 социалдык объект;
– 194 чарба курулуштар;
– 5 унаа;
– 1 көмөк чордон (трансформатор);
– 37 электр мамы;
– 370 метр электр чубалгылары жабыркаган;
– 210 бак кулаган;
– 7 боз үй;
-1 чатыр;
-1 кафе;
– 3 эс алуу жайы;
– 3 гектар кулпунай айдалган жер;
– 6 000 метр интернет чубалгысы жабыркаган.
- Бүгүн, 23-май күнү Ак-Суу районунда кошумча тактоо иштери улантылат.
Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, шамалдын ылдамдыгы Бофорт шкаласы боюнча секундасына 24–28 метрге чейин жеткен, айрым аймактарда 34 м/с чейин көтөрүлгөн.
Алдын ала маалыматтар боюнча адам өмүрүнө зыян келтирген учурлар жана жабыркагандар боюнча фактылар катталган жок.
Шамалдан жабыркаган калкка Кыргыз Республикасынын «Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамына ылайык, тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
