Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Минкабдын 2025-жылдын 21-майындагы № 399-р тескемеси менен Мамлекеттик салык кызматынын, Мамлекеттик бажы кызматынын жана Борбордук казынанын кызматкерлери үчүн 2025-жылдын 31-майы иш күнү болуп белгиленди.
Мындай чара мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу максатында кабыл алынган. Жогоруда саналган ведомстволордун кызматкерлерине КРнын Эмгек кодексине ылайык, компенсация каралат.
Улуттук банкка жана КРнын коммерциялык банктарына 2025-жылдын 31-майын иш күнү деп жарыялоо сунушталды.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
