Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Кечээ, 22-май күнү Талас облусунун аймагында катуу шамал катталган.
Бул окуя тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы Turmush басылмасына төмөнкүлөрдү билдирди.
«Талас шаарында 3 көп кабаттуу үйдүн чатырын учуруп кеткен.
Талас облустук сотунун имаратынын чатырын 1,5 метр ордунан козгоп кеткен.
Талас районунун Көк-Токой айылынан терек кулап, дарбазаны басып калган. Турак үй жабыркаган эмес.
Талас районунун Ак-Жар айылынан 2 турак жайдын чатырын учуруп кеткени аныкталган», – деп айтылат маалыматта.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
