Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Бүгүн, 23-май күнү Өзгөн районуна караштуу Ана-Кызыл аймагында Кемпир-Абад суу сактагычынан бир браконьер сазан балыгын кармаган учурда колго түштү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биотүрдүүлүк бөлүмүнүн Кара-Суу району боюнча аңчы адиси Урустам Абдыкеримов билдирди.
Анын айтымында, ал эртең менен 300 метр тору менен кошо кармалган. 300 метрлик торуна протокол түзүлүп, 5,5 миң сом айып пул салынып, 1 сазан балыгына 505 сомдук доо коюлду.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
