Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Парламент 21-майда «Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Улугбек Ормонов, Кундузбек Сулайманов, Динара Ашимова, Акылбек Түмөнбаев, Улан Примов, Бактыбек Сыдыков, Исхак Масалиев, Марлен Маматалиев.
Улугбек Ормонов белгилегендей, мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин экс-төрагасынын статусун аныктоо жана аталган адамга мамлекет тарабынан кошумча укуктарды бекитүү максатында даярдалган.
Төмөнкүлөр сунушталууда:
– экс-төраганын Жогорку Кеңештин төрагасы болуп турган мезгилде алган акысыз медициналык тейлөөгө болгон укугун сактоо;
– дипломатиялык паспорт алууга;
– аэропорттордун, темир жол вокзалдарынын расмий адамдар үчүн залдарынан акысыз пайдалануу.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
