Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Сот УКМК тарабынан кармалган Ош шаарынын казысын үй камагына чыгарды
Янгиликлар

Сот УКМК тарабынан кармалган Ош шаарынын казысын үй камагына чыгарды

Май 24, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — УКМК тарабынан кармалган Ош шаарынын казысы Мирланбек Токтомушев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Ош облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, шаардык соттун 23-майындагы токтомунун негизинде  УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандыруусуз калтырылган.

Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүлүгүнүн 1-пункту жана 4-бөлүгүнүн 4-пункту (кызматтык абалын пайдалануу менен олуттуу өлчөмдө жасалган алдамчылык) менен айыпталган Т.М.Б.га карата бөгөт коюу чарасы катары үй камагы түрү 1 айлык мөөнөткө, тактап айтканда 2025-жылдын 18-июнуна чейин колдонулган.

Сот айыпталуучуга бөгөт коюу чарасын тандоодо ага карата тергөө органы тарабынан коюлган кылмыш оор кылмыштардын түркөмүнө кирерин, бирок айыпталуучунун туруктуу жашаган дареги, жашы жете элек 1 баласы бар экендигин, мурда соттолбогонун, ден соолугу начардыгын, жакын арада эле стационардык дарыланууда жатып дарыланып чыккандыгын, жактоочу тарабынан анын камакта кармоого тоскоол болгон оорулар менен ооругандыгы жөнүндө тактама келтирилгенин эске алган.

Окуя тууралуу: 

23-майда УКМК Ош шаарында алдамчылыкка шектелген адамдар кармалганын кабарлаган.

  • Буга чейин «Turmush» редакциясы Ош шаарынын казысы Токтомушов Мирланбек Бакишович УКМКга жеткирилгенин жазган.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, Ош казыятынын кызматкерлери мечиттердин жана медреселердин кызматкерлеринен системалуу түрдө мыйзамсыз акча жыйнашкан. УКМК билдиргендей, бул аракеттер казыяттын айрым өкүлдөрүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн жасалган.

Буга байланыштуу мечиттердин жана медреселердин кызматкерлери УКМКнын Ош шаары жана Ош облусундагы башкы башкармалыгына арыз менен кайрылышкан. Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча катталган.

Т.М.Б., М.Ж.М., Д.Б.Х. жана С.А.К. аттуу жарандардын үйлөрүндө жана жумуш орундарында тинтүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө мыйзамсыз жыйымдардын фактылары аныкталган.

Жыйынтыгында Т.М.Б. жана М.Ж.М. кармалып, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусундагы башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө амалдары жүрүп жатат.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleКыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча командасы Монголиядагы мелдешке катышат. Кимдер барат?
Next Article Кыргызстан менен Түркиянын социалдык камсыздоо министрликтери онлайн-жолугушууларды өткөрүүнү макулдашышты

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.