Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Бүгүн, 25-май күнү Араван районунда айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкарган жаранга 35 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн атайын рейд учурунда 20 жаштагы айдоочу жол тескөөчүлөр тарабынан токтотулган. Анын айдоочулук күбөлүгү жок экендиги аныкталган. Андан сырткары унаасынын алдыңкы терезелерине уруксатсыз, тор кадап алган.
Айдоочуга протоколдор түзүлүп, 35 миң сом айып пул салынды.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
