Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Нарын облусунун Жумгал районунун мурдагы Ремонттук-техникалык станциясына (РТС), азыркы «Жумгал-Айылтехсервис» ЖЧКсына тиешелүү 1,14 гектар жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
РТС СССР мезгилинде айыл чарба жана курулуш техникаларын оңдочу. Бул объекттин аянты 4,5 гектарды түзгөн.
СССР тарагандан кийин РТС «Жумгал агротехникалык бирикмесине» айланып, кийин Айыл чарба министрлигинин Жер-агрардык реформа боюнча коллегиясынын токтому менен 1999-жылдын 12-июлунда «Жумгал-Айылтехсервис» ЖЧКсы болуп кайра түзүлгөн. Анын директору болуп Чаек айылынын тургуну Б.Т.С. дайындалып, башкаруу функциялары Жер жана агрардык реформа боюнча борборго өткөрүлүп берилген.
Аталган борбордун директору О.Т. жана Б.Т.С. банкрот деген шылтоо менен «Жумгал-Айылтехсервистин» активдерин жеке менчикке чыгарышкан.
Тактап айтканда 2004-жылы 0,4 га жер, «Жумгал-Айылтехсервистин» имараттары «Жумгал сервис» кооперативине өткөрүлүп берилген. Объекттер алдын ала пландалган схема боюнча юстиция органдарындагы жакын адамдарга катталган. Калган жер «Жумгал-Айылтехсервистин» уставын, Жер жана агрардык реформа боюнча борбордун жобосун бузуу менен жеке менчикке чыгарылган.
Кайтарылган жер Чаек айыл аймагынын балансына өткөрүлдү. Учурда жергиликтүү бийлик аймакка ипотекалык турак жай куруу маселесин карап жатат.
Буга чейин «Жумгал-Айылтехсервистин» имараттары мамлекеттин менчигине кайтарылган болчу. Калган мүлктү кайтаруу боюнча иш-чаралар уланууда», – деп айтылат расмий маалыматта.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
