Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Бүгүн, 26-майда мектептерде акыркы коңгуроо салтанаты өткөн күнү Кочкор районунда унаа айдап жүргөн мектеп бүтүрүүчүлөрү кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБден кабарлашты.
Маалыматка караганда, буга чейин жол кырсыктарын алдын алуу боюнча мектептерде окуучулар, ата энелер жана мугалимдери менен биргеликте жолугушуулар өткөрүлгөн. Ошол түшүндүрүү иштерине карабастан Кочкор районунундагы Кара-Тоо айылындагы Ш.Абдылдаев атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучулары акыркы коңгуроо салтанатынан кийин тийиштүү документтери жок унаа башкарып жүрүшкөн жеринен кармалды. Унаа айып короо жайына токтотулуп, окуучулар Кочкор РИИБдин өспүрүмдөр менен иштөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
