Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын быйылкы 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү 3 балалуу жалгыз бой энеге үй куруп беришти. Бул тууралуу шаардагы кайрымдуулук фонддун негиздөөчүсү Мэлис Чилетировдун билдирди.
Анын айтымында, бул демилгени шаардын 1987-жылы туулган тургундары колго алган.
«Орто мектепти бүтүргөнүбүзгө 20 жылдын жүзү болот. Көп эле мекендештерибиз чет жерде иштеп, 20 жылдыкка келишкенде ысырап иштерди жасашат. Мисалы, ичип-жеп кафеге киришет, тойлошот, кийинишет. Кээ бирлер 20 жылдыгым деп атайын унаа алышат. Айтайын дегеним, мейли ал өздөрүнүн акчасы. Бирок мээнеттенип, көп акча топтоп, убактылуу гана нерселерге коротуп жатышат. Мындай карасаң канча деген адамдар ачка, ток жүрүшөт. Анан биз жалпы кара-көлдүк 1987-жылы туулган балдар-кыздар ойлонуп, кеңешип, жалгыз бой энеге үй куруп берүүнү чечтик. Бул эне биздин кайрымдуулук фонддо тизмеде калктын аялуу катмарында деп каттоодо турат.
Өзүнүн жери бар экен. Классташтар менен бирге чечип, жакшы иш жасайлы деп, жалпы 800 миң сом топтодук. Үйдү баштан аяк өзүбүз куруп бердик. Ошондуктан арзан түштү. Уста жалдасак кымбат бүтмөк. Үч балалуу Элиза аттуу келинди үйлүү кылып, ачкычын колуна бердик. Идиш-аягынан башка үй тиричиликке керектүү буюмдарды алып бердик. Жуунучу бөлмөгө, дааратканага жабдыктарын, кир жуучу машина, ашкана эмерегин сатып берип, үйдүн ичин жасалгаладык. Бул жерде 1987-жылкы кыздардын салымын баса белгилеп кетпесе болбойт. Анткени акчаны көбүрөөк бергени бар. Мисалы, бир эле кызыбыз жана бир мырза балабыз 200 миң сом берди. Уста балдар да өзүбүздөн чыкты. Курулушту быйыл сентябрда элге үлгү болсун, бизден кийинкилер да ушул саамалыкты улантсын деген максатта баштаганбыз. 1988-жылкы балдарды да чакырып, чай берип, аларга да айтып, сүйлөштүк», – деди Чилетиров.
Мындан сырткары, бүгүн, 26-май 1987-жылы төрөлгөн 2005-жылы мектепти бүтүрүүчүлөрү акыркы коңгуроо салтанатына катышышты.
Шаардагы Фрунзе атындагы жалпы билим берүү мектебинин 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү мектебине 200 миң сомго музыкалык аппарат жана 20 даана арча көчөтүн белекке беришти.
Ал эми №4 Шопоков атындагы жалпы билим берүү мектебинин 20 жылдыктары мугалимдер бөлмөсүнө диван (мебель), №2 Түлөбердиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин 20 жылдыктары 3 даана проектор (2 асма, 1 көчмө), №1 Токтогул атындагы жалпы билим берүү мектебинин 20 жылдыктары 14 даана олтургуч (скамейка), №6 Т.Темиров атындагы орто мектептин 10 жылдыктары 22 000 сомдук микрофон күчөткүчүн, 20 жылдыктары болсо 22 окуучуга 500 сомдон беришкен.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды