Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Каракол шаарынын тургуну Даткайым Эркинбаева учурда англис тилин үйрөнүп жатат. Ал шаарга келген чет элдик конокторго Караколдун тарыхы жана географиясы тууралуу маалымат берип, экскурсовод болуп эмгектенүүдө.
Аймактык кабарчы Караколдун жаш гидди менен маек курду.
Эркинбаева Даткайым Медильевна 2008-жылдын 20-апрелинде төрөлгөн. Ал Каракол шаарындагы №6 Жолболду уулу Садыр Аке атындагы орто мектептин 10-классын аяктады. Бала кезинен тарта билимге болгон кызыгуусу күчтүү болуп, өзгөчө 3-класстан бери география, химия, биология жана англис тили сабактарына өзгөчө маани берип келет.
Даткайым география сабагы боюнча ар кандай олимпиадаларга катышып, жакшы жыйынтыктарга жетишкен.
“География сабагынан мугалимим Дагазиев Расул Лиминович мага көп билим берди. Сабактарды кызыктуу өткөрүп, кошумча маалыматтарды берип, олимпиадага даярдады. Бул сабак аркылуу мен дүйнөнүн ар кайсы жерлери, климаттык шарттар, тоолор, дарыялар, деңиздер жана адамдардын жашоо-турмушу тууралуу көптөгөн кызыктуу маалыматтарды билем.
Ар бир жаңы тема мага дүйнөгө кеңири көз караш менен караганды үйрөтөт. Карталарды окуу, континенттер менен өлкөлөрдү таанып-билүү мен үчүн абдан кызыктуу. География мага жер жүзүндөгү кооз жана табигый жерлерди кыялымда кыдырып келүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ошондуктан бул сабак мага чоң таасир калтырат жана келечекте дүйнө жүзүн кыдыруу кыялымды күчөтөт», – дейт ал.
Географияны мыкты өздөштүргөндүктөн, учурда ал туристтер менен иштешип, Каракол жана Ысык-Көл тууралуу кеңири маалымат берип келет. Ал англис тилин алып жүрүүчүлөр менен баарлашуу тилди жакшы өздөштүрүүгө чоң өбөлгө болорун белгилейт.
«Үйүбүздүн жанында туристтерди тосуп алган жай бар. Англис тилин жакшы өздөштүрүү үчүн дал ошол жерде иштеп баштадым. Ал жерде туристтерге биздин кооз өлкө тууралуу кеңири маалымат берем. Кыргызстан жөнүндө кенен айтып берем — бул багытта география сабагынан олимпиадаларга катышып, көп маалыматты үйрөнгөнүм чоң жардам болууда. Туристтер биздин даамдуу ашкананы да абдан жакшы көрүшөт. Ар бир тамактын жасалышы жана тарыхы алар үчүн кызыктуу», – дейт ал.
Каарманыбыз география сабагы менен катар англис тили, химия жана биология жаатында бир нече грамота жана сертификаттардын ээси.
«Мага табигый илимдер жагат. Келечекте дарыгер болсомбу деген да кыялым бар. Андыктан биология, химия сабактарын да кеңири окуйм жана бардык сабактарды жакшы окууга аракет кылам», – дейт ал.
Даткайым 6-классында президенттик балатыга катышып, өлкөнүн ар кайсы булуң-бурчтарынан келген мыкты окуучулардын катарында болгон.
«Ал учурдагы президент Садыр Жээнбековдун балатысына облустун мыкты 18 окуучусу чакырылган. Анын катарында мен да баргам. Андан кийин мектебимдин ишеничин актайын деп, сабактарга жоопкерчилик менен даярданып, андан да жакшы окууга аракет кылып калдым», – дейт ал.
Аны үй-бүлөсү — апасы Анара жана бир туугандары дайым колдоп келет. Атасы көп жыл мурун каза болгон.
«Атамдын мага болгон үмүтү чоң эле. Андыктан анын үмүтүн актап, Датка деп койгон атыма татыктуу болуп, эки иним — Нурислам менен Байаманга жол көрсөткөн кыз болсом деп аракет кылам», – деп сөзүн жыйынтыктады ал.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды