Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Баткен облусунун Кадамжай районундагы Чечме булагы Кыргызстанга өттү, деп билдирди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев.
Ал буга чейин Чечме булагынын 840 метрлик тилке талаштуу болуп келгенин жана бул маселе Өзбекстан тарап менен макулдашылганын белгиледи.
«Мен Ташкентке барып, бул маселени түнгө чейин карап, анан учуп кеттим», – деди Ташиев.
Анын айтымында, булак Өзбекстан тарап менен биргеликте колдонулат.
«Чечме булагы Кыргызстанда калды. Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөрүнүн ортосунда булакты биргелешип пайдалануу жөнүндө макулдашууга кол коюу сүйлөшүлдү. Азыркыдай чогуу пайдалана беребиз. Үчтөн экисин өзбектер, үчтөн бирин биз пайдаланабыз. Нугу бурулбайт. Кыргыз тарап булактын айланасына тосмо курбайт, өзбек жарандарынын булакка кирүүсүн камсыздап берет. Эки тарап видеокөзөмөл орнотот», – деди Ташиев.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды