Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Бишкек мэри Айтматов проспектисиндеги тосмолордун буздурулушу боюнча комментарий берди
Янгиликлар

Бишкек мэри Айтматов проспектисиндеги тосмолордун буздурулушу боюнча комментарий берди

Май 28, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Ч.Айтматов проспектисиндеги жолду кеңейтүүнүн алкагында буздурулуп жаткан тосмолор боюнча комментарий берди.

Анын айтымында, 26-майда Ч.Айтматов проспектисинде калган 26 объектти – тосмолорду жана жеңил конструкцияларды бузуу иштери башталган.

«Биз тургундар менен жолугушууларды өткөрүп, эмне үчүн мындай кылып жатканыбызды түшүндүргөнбүз. Чечимдер мурда эле кабыл алынган. 1970-жылы ошол кездеги мыйзамдарга ылайык башкы план бекитилген, ага ылайык, жер мамлекеттики болгон. Андан кийин жеке менчик түшүнүгү кирди, мыйзам кабыл алынды. 1970-жылдары бекитилген башкы план 2006-жылы кайра бекитилди. 2009-жылдагы деталдуу пландоодо Ч.Айтматов проспектисиндеги жол кандай кеңейтилери аныкталган», – деди Жунушалиев.

Мэрдин айтымында, бул маселени карап жатканда документтер архивден чыгарылып, изилденген.

«Тургундар жер тилкелер үчүн 3 эсе, 10 эсе чоң жер тилкесин берүүнү талап кылып жатышат. Мындай болбойт. Мен өзүмө жол салып жаткан жерим жок. Биз коомдук жол куруп жатабыз, коомдук маанидеги маселени чечип жатабыз. Ошого жараша баарына бирдей мамиле кылабыз», – деди мэр.

Анын айтымында, компенсация маселеси ачык бойдон калууда. Бирок, айрым коюлган суммалар, 1 сотых жерге 100 миң суроо — туура эмес.

«Бардыгы колдонуудагы мыйзамдардын жана кабыл алынган чечимдердин чегинде каралат. Бул Жогорку Кеңеште да, шаардык кеңеште да талкуу жаратты. Биз барып, алар менен сүйлөштүк. Дагы канча уланышы керек? Күтө албайбыз. Тургундар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатып жолду бир жылга жабык калтыра албайбыз. Жол ачылышы керек. Биз 26 адам үчүн эмес, бүткүл шаар үчүн шарттарды түзүшүбүз керек. Жол курууга, жолду кеңейтүүгө, жол инфраструктурасын түзүүгө тоскоол болгон бир дагы объект калтырылбайт. Биз маселени чечүү жолдорун издейбиз, талкуулайбыз. Бирок ишти токтотпойбуз», – деп түшүндүрдү Жунушалиев.

Учурда президенттин иш башкармалыгы Чыңгыз Айтматов проспектисин Түштүк магистралдан Семетей көчөсүнө чейин кеңейтүү долбоору менен алектенип жатат. Ага ылайык, жол 6 тилкелүү болуп кеңеет.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleБишкектеги музыкалык окуу жайда өспүрүм жанын кыйды
Next Article Turmush: Үйүнө бычак сайылып кайтып келген адам, кошунасына чуркап барган аял: Сокулуктагы кылмыш

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.