Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Чүй облустук соту башка адамга бычак сайган адамдын ишин карап чыкты. Turmush басылмасы кылмыштын чоо-жайын баяндайт.
- Иштин материалдары Мамлекеттик сот актыларынын реестрине жарыяланды.
Айыпталуучу Степан (аты өзгөртүлдү М.С.Н.) 1971-жылы туулган. Чүй облусунун Воено-Антоновка айылында туулган. Мурда соттолгон.
Тергөөнүн маалыматына караганда, Степан Воено-Антоновка айылындагы тоок фермада кароолчу болуп иштечү. Ал 2024-жылдын 4-ноябрында саат 17:30 чамасында кароолчулук будкасында отурганда жетекчиси Салыбай (аты өзгөртүлдү Т.С.) келип, ага 12500 сом айлык акысын берүүнүн ордуна 12 миң сом маяна берген. Салыбай ага мурдагы сапатсыз жумушу үчүн 500 сомун кармап калганын айткан. Мунун айынан экөөнүн ортосунда чыгып, Степан бычак менен Салыбайды курсакка сайып жиберген. Ал оор жаракаты менен ооруканага жеткирилген.
Сокулук райондук сотунун өкүмү:
Степан Сокулук райондук сотунун 2025-жылдын 29-январындагы өкүмү менен Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси 2-бөлүгүнүн 12-пункту (бейбаштык максатта ден соолукка оор зыян келтирүү) менен айыптуу деп табылып, 7 жылга камалган.
Бул өкүм менен Степандын жактоочусу макул болбой, облустук сотко кайрылган. Ал арызында Салыбай ага маянасынан 500 сомун кармап калганын, Степан ага макул болбой, акчасын талап кылганын айткан. Экөө чатакташа кетип, жабырлануучу бычактан жаракат алган. Жактоочу айыпталуучу Степандын аракети Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси 2-бөлүгүнүн 12-пункту (бейбаштык максатта ден соолукка оор зыян келтирүү) менен каралбашы керектигин айтып, ага пробациялык көзөмөл дайындоону суранган.
Айыпталуучу Степан да окуяны айтып берди. Ал күнү саат 18:00 чамасында Салыбай анын иште отурган жерине келген. Экөөнүн ортосунда акчанын айынан чыр чыккан. Салыбай аны сөгүп, коркутуп, көзгө чаап жиберген. Ал аны бычак менен курсакка сайган.
Ал эми жабырлануучу Салыбайдын айтымында, ал күнү фабрикага ишине келген. Степанга жолугуп, ага 12 миң сом маяна берген. Бирок ага иш учурунда уктап жаткандыгы үчүн 1000 сомун кармап каларын айткан. Степан 500 сомун талап кылган. Экөө чатакташа кеткенде Степан жанындагы башка шериги Владимирге (аты өзгөртүлдү В.П.) «бычакты бер» деп айткан. Владимир бычакты берген эмес. Ошол учурда ал бычакты өзү ала калып, аны сайып жиберген. Өзүн болсо ооруканага жеткиришкен. Ал Степанды көзгө чаппаганын айтып, ага мыйзам чегинде жаза берүүнү суранды.
Сотто Салыбайдын аялы да маалымат берди. Ал күнү жолдошун маяна алуу үчүн жумушуна чакыртышкан. Ал өзүнүн «Жигули» унаасын айдап кеткен. Күйөөсү 1 сааттан кийин кийими кан болуп, жаракатын чүпүрөк басып кайтып келген. Ал кошунасына барып, күйөөсүн ооруканага жеткирип коюуну суранган. Аны айылдагы поликлиникага жеткиришкен. Ал жерден тез жардам менен Сокулук аймактык ооруканасына алып кетишкен. Күйөөсү ага Степан сайып жибергенин айтып берген.
Соттук-медициналык экспертизанын 2024-жылдын 29-ноябрындагы корутундасында Салыбай бычактан өмүрүнө коркунуч келтирген оор жаракат алганы айтылган.
Облустук соттун өкүмү:
Чүй облустук соту 2025-жылдын 31-мартында иштин материалдарын карап чыгып, Степанды Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси 1-бөлүгү (ден соолукка оор зыян келтирүү) менен айыптуу деп таап, 5 жылга эркиндигинен ажыратты. Айыпталуучунун арызы жарым-жартылай канааттандырылды.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды