Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — 13-майда Өзгөн шаарында 3 эм ымыркайлар жарыкка келди. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда мэриядан кабарлашты.
Маалыматка караганда, Өзгөн шаарынын 1999-жылы туулган тургуну Дилдора Маматхонова 2 уул, 1 кызды жарыкка алып келди. Аларга Мухаммад, Мустафа, Хадича деген ысымдар коюлду.
Бүгүн, 26-майда Өзгөн шаарынын мэри Элдос Таев, 3 эмден кабар алды. Балдардын апасына 50 миң сом менен белектерди тапшырды. Эне менен балдардын абалы жакшы. Бүгүн үйлөрүнө чыгарылды.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды