Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – “Бишкек арена” футбол стадионунун курулушу уланууда.
Стадион Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) талаптарына жооп берет. Ал Кыргызстан үчүн рекорддук көрсөткүчтөгү 51 миң орунга ылайыкталган. Жалпы курулуш аянты 190 миң чарчы метрди түзөт, анын ичинен стадиондун аянты — 85 миң чарчы метр.
Ошондой эле аймакта 35 миң чарчы метр аянтты ээлеген соода-оюн-зоок борбору жайгашат. Калган аймакта унаа токтотуучу жай жана техникалык жайлар каралган.
Имарат сегиз кабаттан (үч жер астындагы жана беш жер үстүндөгү) турат, жалпы бийиктиги 70 метрди түзөт. Жалпысынан 51 миң отургуч каралган, анын ичинен 47 миң 800 орун стандарттуу, калганы VIP-ложа, конок зоналары жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн арналган.
Стадиондун курулушу 2024-жылы башталган, аны 2026-жылдын 31-августунда бүтүрүү пландалууда.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды