Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Айтматов проспектисин кеңейтүү: Тосмолор буздурулгандан кийинки көрүнүш
Янгиликлар

Айтматов проспектисин кеңейтүү: Тосмолор буздурулгандан кийинки көрүнүш

Май 28, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Президенттин иш башкармалыгы Чыңгыз Айтматов проспектисин Түштүк магистралдан Семетей көчөсүнө чейин кеңейтүү долбоору менен алектенип жатат. Анын алкагында жол 6 тилкелүү болору кабарланган.

Мэрия буга чейин 66 жеке үйдүн тосмолору демонтаждала турганын маалымдаган.

Тосмолорду бузуу 26-майда башталган.

Аталган көчөнүн тургуну Лариса Белухтун айтымында, марттын экинчи жарымында документтери туура эмес болгон тургундардын тосмолору буздурула баштаган.

«26-майда жер тилкесине болгон документтери – кызыл китеби жана башка укук белгилөөчү документтери толугу менен бар тургундардын тосмолору буздурула баштады», – деди ал.

Анын айтымында, мэриянын өкүлдөрү менен бир нече жолу жолугушуулар болуп, башында аларга компенсация каралары айтылган. Кийин Көк-Жардан башка жер тилкесин берүү тууралуу да сөз болгон.

«Кийинчерээк белгилүү болгондой, ал жерлердин ээлери бар экендиги аныкталган. Азыр бизди (тургундарды) мэриянын шарттарына көнбөй койду деп күнөөлүү кылып жатышат. Бирок бизге сунуш кылгандары толук акылга сыйбаган нерсе. Адегенде тосмолорду Чыгыш көчөсүн көздөй жылдырууну сунушташты. Эгерде бизден Чыңгыз Айтматов проспектиси тараптан 4–5 метр алышса, анда Чыгыш көчөсү тараптан компенсация берүүнү убада кылышкан. Бирок биз Чыгыш көчөсүнө 5 метр жыла турган болсок, анда жолдун жоондугу 3–4 эле метр болуп калат. Консультациядан кийин бизге муниципалдык жерди жеке менчикке өткөрүү мүмкүн эмес экенин түшүндүрүштү. Биз мындай шарттарга макул болгон жокпуз», – деди тургун.

Ал ошондой эле мэрия менен болгон жыйында ар бир менчик ээси менен жеке сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, келишим түзүлө тургандыгын убада кылышканын кошумчалады. Бирок ошого карабай тосмолор буздурулган.

Учурда атайын техника буздурулган объекттердин таштандыларын чыгарып жатат.

 

Место на карте:

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleВидео — Кыргызстандын эң чоң стадионунун курулушу кайсы этапка келди?
Next Article Жайылда 12ге чейин чөндөлөй тууган жаныбар көбөйдү

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.