Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Кочкордогу китепкана жаңы китептер менен толукталды
Янгиликлар

Кочкордогу китепкана жаңы китептер менен толукталды

Май 28, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Кочкор райондук И.Исаков атындагы маалыматтык китепканасында 27-май китепкана күнүнө карата «Улуттун байлыгы китепкан» аттуу иш-чара белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди. 

Маалым болгондой, иш-чарага райондук жана айылдык китепкананын кызматкерлери, маданият тармагында эмгектенгендер, окурмандар катышты.   

Райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Салтанат Чоргоева китепкананын усулчусу  Анарбүбү Бекчороевага, Мантыш айылынын китепканачысы Таалайкүл Баатыркановага ыраазычылык кат, И.Исаков атындагы райондук китепкананын башкы китепканачысы Баян Замир кызына ардак грамотасын тапшырды. Ошондой эле, Кара-Күңгөй айылдык китепкананын башчысы Тилек Осмоналиевага Жогорку Кеңештин төрагасынын ыраазычылык каты тапшырылды. Иш-чаранын алкагында И.Исаков атындагы китепкананын усулчусу  Анарбүбү Бекчороеваны жана Кара-Суу  айыл аймагынын Мантыш айылындагы №1 китепкананын башчысы Таалайкүл Баатырканованы ардактуу эс алууга узатышып, ал эми ардактуу эс алууда жүргөн, жаш чагын китепканага арнаган Роза Касымованын 70 жаш мааракеси белгиленди. Акын жана журналист Исабек Исаковдун келини Майрам Исакова китепканага Исабек Исаковдун китептерин  белекке берди.

  • Кочкор районунда 1 райондук, 1 балдар китепканасы жана 28 айылдык китепкана жалпы 30 китепкана бар. 

Кочкор районунда алгачкы китепкана 1949-жылы уюшулган.

Аталган китепкананын жетекчилери:

– Китепкана башчысы болуп Кочкор райкомунун 1-катчысы Сайид Хамзамулиндин жубайы З.Хамзамулина 1949-1951-жылдары эмгектенген;

– 1951-1991-жылдары Үкөй Чолпонбаева;

– 1991-1992-жылдары Шарапат Алакунова;

– 1992-1994-жылдары Гүлсайра Исабаева;

– 1994-2021-жылдары Анара Бекчороева;

– 2021-жылдан бери Бурулсун Султаналиева Исабек Исаков атындагы борборлоштурулган китепкана тармагынын директору болуп иштеп келе жатат.

Тарыхка кайрылсак кыргыз жергесинде алгачкы китепкана 1902-жылы 27-майда ачылган.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-июнундагы жарлыгы менен китепканаларды өнүктүрүү максатында 27-май  Китепкана күнү болсун деген токтом кабыл алынган. Ошондон бери жыл сайын бул майрам белгиленип келе жатат.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleЧүйдүн Букара айылындагы окуучулар мектептин жерине 1000 түп помидор көчөт отургузушту
Next Article «Экохолод» коомдук бирикмесинин президенти Жолдошбек Жумалиев дүйнө салды

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.