Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » «Экохолод» коомдук бирикмесинин президенти Жолдошбек Жумалиев дүйнө салды
Янгиликлар

«Экохолод» коомдук бирикмесинин президенти Жолдошбек Жумалиев дүйнө салды

Май 28, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  “Экохолод” коомдук бирикмесинин президенти Жумалиев Жолдошбек Осмонович көз жумду. Бул тууралуу Озон борбору билдирди.

«Аттиң, арман! Кечээ эле арабызда жашап, бирге иштеп, бирге изденип жүргөн мыкты адис, мыкты жолдош, өз кесибинин устаты болгон замандашыбыз Жумалиев Жолдошбек Осмоновичтен айрылып, кабыргабыз кайышып турат.

Жумалиев Жолдошбек Осмонович 1965 жылы 5-мартта Теңир-Тоо аймагынын Кочкор айылында туулуп өскөн. ВЛКСМдин 40 жылдыгы атындагы орто мектепти 1982-жылы аяктап, Советтик армиянын катарында эки жыл кызмат өтөгөн.

1992-жылы Ленинград технологиялык институтун аяктап, муздаткыч тармагында инженер-механик кесибине ээ болгон.

Бишкекте “Шоро” компаниясында, “Кока-Кола” фирмасында, “Хаят” мейманканасында, “Кыргызшампанкомбинаты” ишканасында жана башка ири мекемелерде муздаткычтарды тейлөө кызматтарында үзгүлтүксүз ийгиликтүү иштеп келген. 2003-жылы Кыргызстандын Озон борборуна келип, улуттук консультант, 2004-жылы Кыргыз Республикасынын муздаткычтарды тейлөөчү адистеринин “Экохолод” коомдук бирикмесинин президенти болуп шайланып, 22 жыл кесиптештеринин ишенимин актаган мыкты кесипкөй катары өзүн көрсөткөн. Кесиптештеринин арасында дайыма сылык, элпек, маданияттуу, жумшак кулк мүнөзү бар, ишинин майын чыгарган жоопкерчиликтүү, өзүнүн билими, тажрыйбалуу квалификациясы боюнча алдыга киши чыгарбаган мыкты адис эле. Ал ушул артта калган жылдарда Монреаль протоколунун талаптарын аткарууда Кыргыз Республикасында ишке ашкан 3 мамлекеттик программалардын ийгиликтүү аткарылышына бараандуу салымы менен бул тармактын өнүгүшү жана көптөгөн адамдардын жашоо тиричилигинин сапатын жогорулатууга көмөктөшкөн. Ушул азалуу күндөрү Жолдошбек Осмонович Жумалиев менен иштешкен коңшулаш боордош элдерден дагы оор жоготуубузга көңүл айткан кайрылуулар келип жатат. Алардын бири — Жолдошбек Осмонович мүчө болгон Россия Федерациясынын эл аралык академиясы.

“Биз баарыбыз урматтаган кесиптешибиз Жолдошбек Жумалиевдин каза болушун терең кайгыруу менен кабыл алдык. Монреаль протоколунун программаларын ишке ашырууда анын кылган эмгеги жана салымы абдан маанилүү орунда турат. Биз кесиптешибиздин кылган ишин улантабыз жана жакындарына көңүл айтуу менен азасын бөлүшөбүз. Жолдошбек Осмоновичтин жаркын элеси эч качан унутулбайт!”, – деген көңүл айтуусун жиберишти.

“Казахстан-Холод” бирикмесинин адистери да азабызды тең бөлүшүп жатышат. Жолдошбек Осмонович казак кесиптештерибиз менен акыркы он жылда бирге иштешкен мезгилде анын мыкты кесипкөй адистигине, ар бир илимий иштеринин баалуулугуна өз баасын берип келишкен. Анын эл аралык илимий конференцияларда Кыргызстандын муздатуучу техникаларынын өнүгүүсү тууралуу илимий докладдары, башкаларды таң калтырган бийик адамгерчилиги, жогорку маданияты дайыма эсибизде сакталат дешет.

Жумалиев Жолдошбек Осмоновичтин артында жубайы, үч уулу жана кызы калды. Улуу баласы атасынын жолун улап, кесибин улантууда. Биз – Кыргызстандын Озон борбору жана Жолдошбек Осмоновичтин жүздөгөн кесиптештери анын үй-бүлөсүнүн, жакындарынын азасын тең бөлүшөбүз. Элге жаккан азаматыбыз эми жерге жаксын! Жараткан бейишинен орун берсин! Биз сени эч качан унутпайбыз!».

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleКочкордогу китепкана жаңы китептер менен толукталды
Next Article Ат-Башыда сел коркунучуна каршы иштер жүрүп, Талды-Суу айылындагы канал тазаланды

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.