Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – 27-майда Кыргыз Республикасынын коргоо министри Руслан Мукамбетов Россия Федерациясынын коргоо министри Андрей Белоусов менен жолукту.
КР Коргоо министри билдиргендей, жолугушууда Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы аскердик кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги талкууланды.
Ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын 2026-2030-жылдарга аскердик чөйрөдөгү стратегиялык өнөктөштүк программасына кол коюлду.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды