Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Turmush: Өзгөндө 38 жаштагы аял өмүр менен кош айтышты: Милиция күйөөсүн кармады
Янгиликлар

Turmush: Өзгөндө 38 жаштагы аял өмүр менен кош айтышты: Милиция күйөөсүн кармады

Май 28, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Кечээ, 26-май күнү Ош облусунда аялдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Ош ОИИБден кабарлашты.

Маалыматка караганда, Өзгөн РИИБге Кара-Кулжа районунун 1987-жылы туулган А.Э. аттуу тургуну алган жаракатынан улам ооруканага жетпей каза болгондугу жөнүндө маалымат түшкөн. Бул факты каттоого алынып, аймактык караштуулугу боюнча Кара-Кулжа РИИБге жөнөтүлгөн. Тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-Жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иш козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары маркум аялдын 1985-жылы туулган жолдошу А.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

  • Кийинчерээк маркум аялдын классташы  Turmush басылмасына бул окуя 20 жылдык бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуусунан кийин катталганын айтып берди. Кененирээк чоо-жайын бул шилтемеден окуй аласыз.

28-майда Ош ОИИБдин басма сөз кызматы бул факты боюнча социалдык тармактарда 26-май күнү Кара-Кулжа районунда болгон адам өлтүрүү фактысы боюнча күйөөсү аялын атка сүйрөтүп өлтүрдү деген жана башка эле адамдардын ыйлап жаткан видеосу менен чындыкка дал келбеген маалымат тарап жатканын маалымдады.

Милициянын алдын ала маалыматы боюнча маркум аял октон алган жаракаттан улам көз жумган. Учурда тийиштүү тергөө амалдары жүрүп жатат. 

Жубайлардын ортосунда 5 баласы бар экени айтылууда.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleКыргызстанда Курман айт 6-июнда белгиленет
Next Article Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.