Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбаев айылынын тургуну Төлөгөн Урматов комуз жасоо менен алектенип келет. Аны менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маек курду.
Төлөгөн Урматов 1983-жылы Бөкөнбаев айылында төрөлгөн. Бөкөнбаев айылында устачылык менен алектенет. Үйүндө устаканасы бар.
«Караколдогу Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин экология факультетин шартка байланыштуу сырттан окуп бүтпөй калгам. Эми кайра буюрса улантсамбы деп жүрөм.
Бул устачылык менен алектенүү мектепте окуп жүргөндө башталды. Ал убакта майда-чүйдө бир нерселерди жасап, сүрөт тартып, олимпиадаларга катышып, белектерди утуп жүрдүм. Карыпбек агайым окутту. Шыгым бар болгондуктан жүгөн, камчы, нокто, кайыш, жабдыктарды оңдоп жүрчүмүн. 2000-жылдары сүрөтчүлөр, усталар бааланчу эмес, азыр бааланап калды.
Атам комуз чертчү. Кенедейимден комуз чертүүгө, устачылык өнөргө үйрөттү. Үйдөн атамдын комузун ала коюп чертип калчумун. Бирок көбүнчө гитарага кызыгып, мелодияларды таап, нота менен чертип калчумун. Мени чоң атам, чоң энем экөө багып чоңойткон. Атамда да устачылык бар болчу, бирок өмүр бою эмгегин айылга, өкмөткө арнаган. Чоң чоң атам (чоң атасынын атасы) ээрди мыкты чапкан уста болгон экен. Кыскасы устачылык каныбызда бар.
2015-жылдары негедир комуз чертким келип баштады. Бишкек шаарында көзөтчү болуп иштеп калдым. Ошондо комуз сатып алып, чертип, телефондон күүлөрдү угуп үйрөндүм.
Комуз чапканды Жылкыбай Жунушов абадан (байке) үйрөнгөм. Идея пайда болуусуна Жылкыбай аба дем, түрткү берди, кеп-кеңешин айтып баарын үйрөттү. Ал киши аябай кыраакы бүт жагынан өнөрлүү, устачылык, комузчулук, сүрөтчүлүк менен алектенет. Анын иниси Рысбек Жунушов деген комузчу менен бир көчөдө, кошуна турабыз. Жайкысын келгенде комуз черткенимди көрүп, бир күүнүн туура чертилген видеосун жиберди. Туурап чертип жатып, ошол күүнү билем.
Ар кандай жумуштарда, куруучу да болуп иштеп жүрүп, аягы айылга келдим. Ошол Жылкыбай абам атамдын досу жана теңтушу. Анын үйүнө барып, иштеп калдык. Устаканасын көрүп, кирип-чыгып кармалап жүрчүмүн. Бир күнү “Станокто иштегенди билесиңби? Акчаңды берем, үйрөн” деп калды. Ошондон баштап, устатым болуп кетти. “Ушул материалдан сонун комуз болчудай” деп сондолуп кургаган материалды көрсөттү. Андан өзүмө сонун комуз чаап алдым. Азыркыгы чейин чертип, колдонуп жүрөм. Абам экөөбүз жаңгак комуз жасадык, Аравияга чейин барып келди. Ошентип өзүм үйгө инструмент чогулта бердим. Анан устатымдын даяр материалынан сурап келип, үйдөн жасап баштадым.
Комуздарым Кыргызстандын булуң-бурчуна кетет. Материалдарын элден чогултабыз, кээ бирөө “багыбызды атабыз кыйган, комузга жарайбы?” деп чакырат. Кээ бирөө бекер берет, кээ бирөөнөн сатып алабыз. Өрүк комуздар 20-30 миңге чейин болуп жатат. Жаңгактан жасалгандары 15 миңдин тегереги. Карагайдан жасалгандары 5-6-7 миңге чейин болуп жатат. Карагайдан деле сонун үн чыгат, бирок жыгачы жумшак болуп, бышык эмес, бир жерге катуу урулса сынып калышы мүмкүн. Алмадан чаптым андан дагы сонун үндөр чыкты. Алмурут, алмадан жасалгандырдын баасы 10-15 миңдин тегереги болот. Өрүктүкү өзгөчө болот. Кыйгандан кийин дароо доска кылып тилдирип анан кургатыш керек. Өрүктүн түйшүгү бир аз көбүрөөк, ошого кымбат. Тилдиргенден кийин жарылып кала электе шалбыга салып кескилеп, ортосун оюп, 4,5 саат кайнатыш керек. Чайрын чыгарып жел кирбеген жерге көлөкөгө тизип коюп, 2 жылдан ашык жатыш керек. Кайнатканда жарылбайт, бат кургайт. Жаңгактыкы, алманыкы аябай буралып, толгонуп кетет. Андыктан бапестеп кургатыш керек. Комуз жасоо үчүн эрте даярданып баштайбыз. Быйыл чогултканды эмдиги же аркы жылдары жасайбыз.
Комузду кээ бирөө жөн гана акча табуу үчүн жасайт, кээ бирөө чыгармачылык менен жасайт. Чыгармачылык менен жасагандыкы колго эптүү, таза, тунук, сулуулугу, көркү, теги, кулактарынан айырмаланат. Жан дүйнө менен жасалган башкача болот. Чертип жүргөндөр айырмасын жакшы билет.
Менин 5 комузум Казармандагы музыкалык мектепке кетти. “Жакшы чабат деп угуп, атайын буйрутма кылып жатабыз” дешти. Бири-биринен угуп, жакшы болсо буйрутма беришет. Баарына бирдей сапаттуу, үнүн жакшы чыккандай жасаганга аракет кылам», – дейт Төлөгөн уста.
Келечекте өзүнө окшогон уста балдарга бул өнөрүн үйрөтүп кетсем деген тилеги бар.
«Былтыр усталардын сынагы болду. Балыкчыда ысык-көлдүк менен нарындык усталардын туру болду. Андан өткөндөр Бишкекте өткөн финалга усталар чогулуп, тажрыйба алмашып комуз черттик. Акырында сыйлыктарды алып, тарагандан кийин мессенджерден топ (группа) ачканбыз, азыр ынтымактуубуз. Бири-бирибизге кеңеш берип турабыз.
Буюрса “циркулярный станок” алып жайында дагы идеяларымды ишке ашырганга аракет кылып жатам. Күнүмдүк тиричиликке керек болгон буюмдарды да жасасам деп пландап жатам. Бизге милдет комуздун сырларын кийинки муунга үйрөтүп кетүү. Тажрыйба топтогондон кийин ушул кесипти шыктуу балдарга үйрөтсөмбү деген максатым бар.
Мындан сырткары чарбачылык менен алектенем. Комуз сезону токтоп калганда куруучу болуп иштейм, балык кармайм», – деди ал.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды