Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Ниязбек Садырбековдун арашан породасындагы 1 күндүк козусу 7 миң долларга сатылган
Янгиликлар

Ниязбек Садырбековдун арашан породасындагы 1 күндүк козусу 7 миң долларга сатылган

Апрель 27, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылынын 39 жаштагы тургуну Ниязбек Садырбеков арашан породасындагы койлорду багып келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча машыктыруучу болуп иштейт.

«2006-жылы Бишкек шаарындагы дене-тарбия академиясынын грек-рим күрөшү боюнча бөлүмүн аяктагам. Алгач мектепте 3 жыл иштедим. Андан соң Бакай-Ата райондук балдардын спорт мектебинде машыктыруучу болуп иштеп баштадым. 15 жылдан бери машыктыруучу болуп эмгектенип келе жатам. Балдарымдын алды курама командага кирип калды. 3 жыл мурун грек-рим күрөшү боюнча «Эмгек сиңирген машыктыруучу» наамын алдым. Күрөшкө өзүм кичинекей кезимден кызыгып, атам, агамды ээрчип барып жүрчүмүн. Үй-бүлөм баары ушул тармакка кызыкканы үчүн кийин кесипке айлантып алгам», – деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле алгач жылкыларды багып, кийин кой багууга өткөнүн айтып берди.

«Бизде айыл жергесинде бир айлыкты карап отура бербей, талаа иштерин, мал чарбасын дагы кошо ала кетиш керек. 10 жыл мурун жылкы багып баштадым. Анан оңой деп койго өттүм. 8 жыл мурун Казакстандан, Тажикстандан гиссар койлорду алып келип бактым. Аларды багып жүрүп, көргөзмөдө арашан кой көрдүм. Бул койдун сулуулугуна, көлөмүнө баа бердим. 2 жыл мурун арашан койду көбөйтүп баштадым. Учурда арашан койлорум 70 башка жетип калды.

Мындан 1 жыл мурун 2 жумалык Байгер аттуу кочкорду 40 миң долларга алып келгем. Ал белгилүү Френкель деген кочкордун баласы эле. Ошонун козулары быйыл төлдөп жатышат. Быйыл буйруса жакшы баага өтүп жатат. Байгердин баласы деп алгач эле 1 күндүк кочкорун 7 миң долларга саткам. Эртең менен тууган козуну кечинде алып кеткен. Андан соң Маданият деген айылга 1 айлык козу 15 миң долларга сатылды. Бардык жагы куп жарашып, келбеттүү өзүндөй кочкорлор чыгып жатат. Ошого соодалашып отуруп, ылайыктуу баа чыгып алып жатышат. Буларды багуу жөнөкөй кыргыз кой бакканга караганда алда канча үнөмдүү. Баасы жогору турат. Анан жаш баладай караганыңды дагы актап коёт. Ошол эле кой жеген чөптү, жемди жешет», – деди ал.

Фермер жубайы экөө 5 кыз, 1 уулдун ата-энеси.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleАт-Башы айыл аймагынын «Келечек» паркына 595 түп көчөтү отургузулду
Next Article Канааттандырарлык. Бишкек шаарындагы абанын сапаты

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.