Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Мугалим Н.Үмөталиева иштеген жеринде жумушун күндө Куран окутуу менен баштайт
Янгиликлар

Мугалим Н.Үмөталиева иштеген жеринде жумушун күндө Куран окутуу менен баштайт

Апрель 27, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Таластын 50 жаштагы Наргүл Үмөталиева «Манас Ордо» комплексинде баяндамачы болуп иштеп келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Талас районундагы Кара-Суу айылында төрөлгөн. 

«Атам Ашымбек Үмөталиев Манас айылындагы №110 кесиптик лицейде өндүрүштүк окутуунун чебери жана чарба иштери боюнча бөлүм башчы болуп иштеди. Андан соң СССР учурунда көп убакыт Чат-Базар райондук борборунда чарбалык магазинде сатуучу болуп эмгектенип жүрдү. Апам Атыркүл Үмөталиева колхоздо иштеп, үй-бүлө менен иштин оор жүгүн тең көтөргөн. Бирок мен үчүн апамдын эң кымбат кызматы 9 баланы жарык дүйнөгө алып келип, ар бирин мээримге бөлөп өстүргөнү болду. Баарыбызды окутуп, жогорку билимге жеткиришти.  Биз бүгүнкү күндө ким болсок да бул алардын мээнети», – деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле кесиби боюнча башталгыч класстардын мугалими экенин билдирди.

«Кыргыз улуттук «Манас Ордо» комплексинде 2007-2010-жылдары андан соң 2017-жылдан баштап иштеп келе жатам. Студент кезимде биз окуган факультеттин деканы Үсөнбек Давлеталиев «Сенде баяндамачылыка төп келген талантың бар экен. Ошол жакты бир көрчү» деп ушул багытты сунуштады эле. Ошол адамдын сунушу менен келип калдым. 11 жылдан бери иштеп жүрүп, жан дүйнөмө руханий тынчтык таба алдым. Жумушка келгенде күндө эртең менен ата-бабаларыбызга Куран окуп, анан иш баштоону туура көрөм. Бул кадам мага кадимкидей күч кубат берет. 

Келген конокторго баяндама жүргүзгөн учурда ар биринин жүзүнөн таң калуу, бирде суктануу ошол эле учурда сыймыктанууну көрө алам. Эсимде алыстан келген бир аксакал «Кызым Манас окуясын укканда, Манас менен чогуу жүргөндөй эле болдум» деп көзүнө жаш алып, ак батасын берген. 

«Жамгыр менен жер көгөрөт. Бата менен эл көгөрөт» дегендей көп адамдардын батасын алдым. Ал ортодо жараткандын буйругу менен «Маданияттын мыкты кызматкери» жана «Улут сыймыгы» төш белгилери менен сыйландым. Азыр «Манас Ордо» комплекси жаңы этапка өтө баштады. Жакында санариптик түрдөгү «Манас эпосу» музейинин электрондук вариантына үн коштоп келдим», – деди ал. 

Баяндамачы айым буга катар эле 2 кыз, 1 уулдун апасы экенин кошумчалады. Уулу Алихан 12 жашта. 

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleКанааттандырарлык. Бишкек шаарындагы абанын сапаты
Next Article «Кыргызкөмүр» ишканасынын жетекчилиги Кара-Кече кениндагы ашпозчулар менен жолугушуп, алардын талаптарын укту

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.