Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Өзгөндүк 24 жаштагы Сажида үйүндө 5 миң сомго чейин бааланган көйнөктөрдү тигет
Янгиликлар

Өзгөндүк 24 жаштагы Сажида үйүндө 5 миң сомго чейин бааланган көйнөктөрдү тигет

Апрель 27, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Өзгөн районунун Кызыл-Тоо айылынын 24 жаштагы тургуну Сажида Жылдызбек кызы үйүндө отуруп эле кийим тигип, өз ишин баштады. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде жумушу тууралуу айтып берди.

Каарманыбыз тигүүчүлүк менен 3 жылдан бери алектенип келет. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын үчүнчүсү.

«6 жыл бою Бишкектеги тигүү цехинде иштеп, ошол жактан тигүүнү үйрөндүм. Бычууну болсо өз алдымча өздөштүрдүм. Көп учурда кийгим келген кийимдерди Кыргызстандан таппай калчумун. Ошондуктан өзүм тигип алсам жакшы болмок деп ойлоп, алгач өзүмө кийим тиге баштадым. Ошондон баштап бул ишке кызыгуум күчөп, буюртма менен кийим тигип келем», – деди ал.

Сажиданын айтымында, буюртма менен тиккен кийимдер кардарларга чак келбей калган учурлар да болгон.

«Алгач буюртма менен кийим тиккенде өлчөмдөрдү туура эмес алып, жаңылаган учурларым көп болчу. Андайда кайра оңдоп берип же арзаныраак баада тигип берчүмүн. Ошондой эле кээде бир кездемени алуу үчүн барып, бирок башкасы жагып калса, ошону сатып алып кайтчумун. Үйгө келсем, ал кездеме тигилбей туруп калат. Акыры кайра башка кездеме алганы барууга туура келет. Мындай учурлар көп эле болот.

Сүрөттү көрүп эле ар кандай кийимдерди тиге берем. Эң арзан кийимдер — жайкы жеңил кийимдер, ал эми эң кымбаттары — кече көйнөктөрү. Азыркы учурда социалдык тармактар аркылуу буюртма алып, кийимдерди тигип жатам. Келечекте өзүмдүн жеке кийим дүкөнүмдү ачууну пландап жатам», – деди ал.

Каарманыбыз кийимдерди буюрта менен гана тиге турганын айтат. Ал тиккен кийимдердин эң кымбаты 5000 сомго бааланган көйнөк болгон. Айына 20-30 миң сомго чейин киреше табат.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous Article«Кыргызкөмүр» ишканасынын жетекчилиги Кара-Кече кениндагы ашпозчулар менен жолугушуп, алардын талаптарын укту
Next Article Ак-Талаанын Кош-Дөбө айылында селден коргоочу дамба тазаланды

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.