Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Биологиялык активдүү кошулмаларды Кыргызстанга алып кирүүдө алардын уруксат кагазы каралабы, деп сурады депутат Аида Исатбек кызы бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында.
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкова аларга мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу маалым кат берилерин, мындан сырткары ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн келе жатса алардын каттоосунан өткөн документ менен Кыргызстанга киргизилерин билдирди.
Депутат алардын курамын ким текшере турганын сурады. Арыкова мурда алар дары катары каралып келсе, учурда ал тамак-аш азыгы катары киргизилерин айтты.
Депутат Жылдыз Садырбаева бардыгы анын дозасына жараша каралышы керектигин айтып, контрабандалык жол менен кирген учурлар бар экенин билдирди.
«Жакында эле биологиялык активдүү кошулмаларды колл-борбор аркылуу саткан учур аныкталды», – деди ал.
Исатбек кызы биологиялык активдүү кошулмаларды алып кирүү жана жүгүртүүнүн үстүнөн көзөмөл жүргүзүү керектигин белгиледи. Анын айтымында, коомдо мындай кошулмалар сөзсүз түрдө пайдалуу деген жаңылыш пикир орноп калган.
«Бирок тилекке каршы алардын курамы, стандарттарга туура келери, өлкөдө сатылууга уруксаты бар же жогу тууралуу бир да маалымат жок. Жарандар дарылануу менен башка органдарын талкалап жатат», – деди ал.
Министрдин орун басары биологиялык активдүү кошулмалар Бажы биримдигинин регламенти менен көзөмөлдөнө турганын айтып, дарычылык максатта сатылса Дары-дармек департаменти тарабынан, ал эми сатылып жаткан жеринде Мамлекеттик санитардык көзөмөл кызматы тарабынан көзөмөлдөнөрүн кошумчалады.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
