Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Бүгүн, 29-апрелде Токмок шаардык кеңешинин төрагасы Исаев Чыңгыз Канатбековичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Ал депутат катары ишмердүүлүгүн улантат, деп билдирди шаардык кеңештин басма сөз кызматы.
Токмок шаардык кеңешинин төрагасы Ч.Исаевдин арызынын негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 41-бересинин 2-пунктунун, Токмок шаардык кеңешинин регламентин жетекчиликке алуу менен Ч.Исаевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.
2024-жылдын 29-ноябрында Токмок шаардык кеңешинин жаңы шайланган депутаттары сессияга чогулушкан. Аларга кызматтык күбөлүк жана төш белгилер тапшырылган.
Жогорку Кеңештин экс-спикери Канатбек Исаевдин жана Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышынын депутаты («Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы) Жамиля Исаеванын уулу Исаев Чыңгыз Канатбекович шаардык кеңештин төрагасы болуп шайланган.
Чыңгыз Исаев 1999-жылы 25-декабрда төрөлгөн. Шаардык кеңешке шайлоодо партиялык тизмеде жумушсуз катары катталган.
Кечээ, 28-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева өз каалоосу менен кызматын тапшырган. Ал депутат катары ишмердүүлүгүн улантат, деп билдирген парламенттин басма сөз кызматы.
Ж.Исаева «Ата Журт — Кыргызстан» фракциясынын квотасы менен 2022-жылдын 12-январында төраганын орун басары болуп шайланган.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
