Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Видео — Түркияда кармалган мугалим Азамат Нурматовдун жубайы үн катты
Янгиликлар

Видео — Түркияда кармалган мугалим Азамат Нурматовдун жубайы үн катты

Апрель 30, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Түркияда кармалган мугалим Азамат Нурматовдун үй-бүлөсү адвокат менен келишим түзүп, тез арада байланышууга үмүттөнүүдө.

Түркиядагы олимпиадага окуучуларын коштоп жүргөн мугалим Азамат Нурматов Стамбул шаарындагы аэропорттон кармалган.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, 28-апрелде консулдук бөлүмдө Нурматовдун үй-бүлөсү менен жолугушуу болуп, аларга мугалимдин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди.

Азаматтын жубайы Ирзван Тахридин кызынын айтымында, учурда үй-бүлө түркиялык юрист менен келишим түзүлүп, Азамат менен телефон аркылуу байланышуу мүмкүнчүлүгүн күтүп жатышат.

«Жолдошум кармалгандан бери телефон аркылуу да байланыша элекпиз.  Алгач адвокат менен келишим түзүү керек экен. Андан кийин байланышуу процесстери жүрөт. Бүгүн, 29-апрелде дагы кечке маал Тышкы иштер министрлигине барабыз. Буюрса жолдошум менен байланышууга мүмкүнчүлүк болот деп ойлоп жатабыз. Кечээ Кыргызстандын акыйкатчысы менен жолукканбыз, эл өкүлдөрү кабар алышууда. Үнүбүз өлкө башчысына жетти деп ойлоп жатабыз. Колдон келген аракеттер көрүлүп жатканын айтышууда», – дейт ал.

Муну менен катар Ирзван Тахридин кызы жолдошу менен олимпиадага кеткен окуучулары жана жанында кошо баргандар Кыргызстанга келгенин кошумчалады.

Азамат Нурматов 1993-жылы 18-январда Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Он-Эки-Бел айылында туулган. Исхах Раззаков атындагы Кызыл-Кыя лицейин бүтүрүп, Стамбул шаарындагы Газиантеп университетинин математика бөлүмүнөн билим алган. 2017-жылы окуусун аяктап, Кыргызстанга келип, мектептерде билим бере баштаган. Акыркы 2 жылдан бери Каракол шаарынын К.Карасаев атындагы облустук лицейде эмгектенип келген. Жубайы менен бирге 2 жана 4 жаштагы балдарды тарбиялап-өстүрүп жатышкан. 

Каракол шаарындагы Х.Карасаев атындагы облустук лицейдин математика мугалими Азамат Нурматов 20-25-апрель күндөрү Анталияда өткөн математика боюнча эл аралык Zeen олимпиадасынын 2-туруна катышуу үчүн 19-апрелде жети окуучусу менен Түркияга учуп кетип, Стамбул аэропортунан кармалган.

Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери мугалим Азамат Нурматов тууралуу маалымат түшкөндөн кийин Түркиянын укук коргоо органдары менен байланышка чыккан. Тиешелүү иштер жүрүп жатат, деп билдирди тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев 28-апрелде парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында.

Алдын ала маалымат боюнча, Азамат Нурматов 2016-2017-жылдары Түркияда төңкөрүш уюштуруу аракети болгон учурда жатаканада жашап, Фетхуллах Гүлендин тарапташтары колдонгон мобилдик тиркемени пайдаланган. Түркияда ага издөө жарыяланып, ошонун негизинде кармалган.

Имангазиев бул маселе көзөмөлдө болуп, министрлик Нурматовдун жактоочусу жана жакындары менен байланышта экенин айтты. Жакын арада аны телефон аркылуу жакындары менен байланыштыруу күтүлүүдө.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleТынчтыкбек Досмуратов Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды — Билим АКИpress
Next Article ОшМУда «Stud EXPO-2025» эл аралык жармаңкеси өттү

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.