Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Билим АКИpress – Бишкек шаарындагы №1 мектеп имаратынын мыйзамсыз менчиктештирилген бөлүгү мамлекеттин менчигине кайтарылды.
УКМКнын маалыматы боюнча, 1994-жылы мамлекеттик баланстан чыгарылып, жеке менчикке өткөн Бишкек шаарындагы №1 орто мектептин имаратынын бир бөлүгүнө мыйзамсыз ээлик кылуу фактысын аныкталды.
1992-жылдын 16-декабрындагы №1074 «Билим берүү жөнүндө» мыйзамынын 43-беренесинин 6-пунктуна ылайык, мамлекеттик билим берүү мекемелеринин имараттары жана материалдык-техникалык базасы менчиктештирүүгө жатпайт.
«Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 2009-жылдан бери аталган мүлккө ээлик кылып келе жаткан жаран 1994-жылы мектептин имаратынын бир бөлүгү мурдагы менчик ээлери тарабынан ажыратылып алынганы мыйзамсыз экенин түшүнүп, аталган мекемеге болгон укукту жер участогу менен бирге ыктыярдуу жана акысыз түрдө Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүп берди.
2009-жылдан азыркы учурга чейин имараттын аталган бөлүгү жеке менчик мектепке чейинки билим берүү мекемеси катары билим берүү максатында пайдаланылып келгендигин жана мындай мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетишсиздигин эске алуу менен аталган объектти мындан ары да билим берүү ишмердүүлүгү үчүн пайдалануу максатында объекттин мурдагы ээси менен ижара келишими түзүлөт», – деп айтылат маалыматта.
За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.
Бул макала Билим АКИpress басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
