Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Нарындагы 23 конушту таза суу менен камсыздоо боюнча макулдашуу ратификацияланды
Янгиликлар

Нарындагы 23 конушту таза суу менен камсыздоо боюнча макулдашуу ратификацияланды

Апрель 30, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда айылды суу менен камсыздоо жана санитарияны өнүктүрүү программасынын алкагында кредиттик жана гранттык макулдашуулар ратификацияланды. Мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгонун басма сөз кызматы 29-апрелде билдирди.

«Нарын облусунда айылды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасы — Кошумча каржылоо» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана «Нарын облусунда айылды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасы — Кошумча каржылоо — долбоору» боюнча гранттык макулдашууга 2024-жылдын 4-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган. Мыйзам 2025-жылдын 2-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Макулдашууларда Нарын облусунун 23 калктуу конушунда калкты сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана локалдуу-тазалоочу жабдууларды орнотуу каралган. Анын жыйынтыгында 46 330 адам сапаттуу суу менен камсыздалат.

Аталган программа калктын ден соолугун жакшыртуу жолу менен жакырчылыкты кыскартууга салым кошо тургандыгы болжолдонууда.

«Нарын облусунда айылды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасы — Кошумча каржылоо» долбоорун ишке ашыруу үчүн финансылык каражаттар 38,8 млн АКШ доллары суммасында берилет:

– грант — 5,35 млн АКШ доллары;

– насыя — 27,0 млн АКШ доллары;

– Кыргыз Республикасынын каржылоосу — 6,45 млн АКШ доллары.

Азия өнүктүрүү банкынын насыясы кийинкиге калтыруу мезгилинде жылына 1%, кийинки жылы 1,5% ставка менен 8 жылдык жеңилдетилген мезгилди кошуп алганда 32 жылдык мөөнөткө берилет. Программаны ишке ашыруу мөөнөтү — 6 жыл.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleБишкектеги №1 мектептин мыйзамсыз менчиктештирилген бөлүгү мамлекетке кайтарылды — Билим АКИpress
Next Article 1-майдан тарта «М Булак» кардарларына кредиттик карта бере албайт, «Visa» жана «MasterCard» карталарын тейлей албайт

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.