Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Turmush: ӨКМдин кызматкери менен мурдагы прокурор кайгуулчуларга каршылык көрсөткөн: Оштогу окуянын жаңы жагдайлары
Янгиликлар

Turmush: ӨКМдин кызматкери менен мурдагы прокурор кайгуулчуларга каршылык көрсөткөн: Оштогу окуянын жаңы жагдайлары

Май 1, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Ош шаарында кайгуул кызматынын өкүлдөрү менен чатакташкан ӨКМдин Ош шаары боюнча куткаруу кызматынын башчысына кылмыш иш козголду. Бул тууралуу маалыматты Ош ШИИБден тастыкташты.

Маалыматка караганда, 5-апрелде саат 22:00 чамасында нөөмөт бөлүмүнө «Хонда Фит» айдаган белгисиз адамдар Фергана жана Амир-Темир көчөлөрүнүн кесилишинде коомдук тартипти бузуп жатканы маалымат түшкөн. Кийинчерээк алар ӨКМдин куткаруу кызматынын башчысы С.Н.Т. менен прокуратуранын мурдагы кызматкери Б.М.Б экени такталган. 

Ал жерге Ош ШИИБдин кайгуул кызматынын инспекторлору барып, унаанын рулунда Б.М. экенин такташкан. Алар медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү үчүн Исанов көчөсүндөгү наркологиялык бөлүмгө алып барышмак болушкан. 

Нурматов көчөсүнөн унаанын артында отурган Б.М. инспекторлордун биринин мойнунан муунтуп, сөгүп, унааны токтотушун талап кыла баштаган.  

Инспектор унааны токтотууга аргасыз болгон. Б.М. унаадан түшкөндө милиционер аны кайра отургузууга аракет кылган. Бирок ал талапка баш ийбей, каршылык көрсөтүп, кызматтык жилетин айрып салган. 

Экөө каршылык көрсөткөнүнөн улам ал жерге милициянын наряды чакырылган. Аларды Ош облустук наркологиялык бөлүмгө алып келишкен. ӨКМдин кызматкерин унаага отургузуп кетип бара жатышканда ал дагы каршылык көрсөтүп, сөгүнүп, кайгуул кызматкерин бетке уруп жиберген. Инспектор М.И.ге соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын мээси чайкалып, жеңил жаракат алганы такталган. 

Кылмыш иш Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүмүнүн 4-пункту (бийлик өкүлдөрүнө же болбосо коомдук тартипти сактоо боюнча милдеттерди аткаруучу адамдарга каршылык көрсөтүү менен жасалган бейбаштык) менен козголгон. ӨКМдин Ош шаары боюнча куткаруу кызматынын башчысы иште айыпталуучу катары өтүп жатат. 

29-апрелде ӨКМдин Ош шаары боюнча куткаруу кызматынын башчысы, ал эми 30-апрелде мурдагы прокурор кызматкери кармалган. Алар камакка алынган.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Ош шаарында жол кайгуул кызматкерлери менен чатакташканы үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Оштогу куткаруу кызматынын башчысы камакка алынганы белгилүү болгон. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, окуя 6-апрелде катталган. Эс алуу күнү ӨКМдин кызматкери досу менен спирт ичимдигин ичип, унаада жүргүнчү катары бара жатканда кармалган.

«Куткаруу кызматынын башчысы кызмат ордунда иштеген. Бул окуя 6-апрелде болгон экен. Ишембиде эс алуу күнү болгон. Бизге маалымат жакында жетти. Ички иштер министрлигинен биздин кызматкер экени, кызматтык милдеттери тууралуу маалымат сурап, иш козголгону боюнча кат келип түшкөн. Биз андан кийин 18-апрелде министрликке жана Аскер прокуратурасына кабар бердик. 29-апрель күнү ал 48 саатка камакка алынды», – деп айтылган маалыматта.

Бул иш боюнча тергөө иштери аяктап, сотко өткөрүлгөн соң гана ӨКМ тарабынан ички иликтөө жүргүзүлүп, укук бузууларга жол берген кызматкерлердин кызматтык маселеси каралары маалым болду.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleТелефон алдамчылары жарандын атынан 750 миң сом насыя алышкан,
Next Article Тоңдо Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган иш-чара өттү

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.