Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Ат-Башы району боюнча Бегимай Казыбек кызы мыкты тарбиячы аталды
Янгиликлар

Ат-Башы району боюнча Бегимай Казыбек кызы мыкты тарбиячы аталды

Май 2, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмү тарабынан бала бакчалардагы тарбиячылар арасында кароо-сынак уюштурулган. Бул сынактан баш байгени алган тарбиячы Бегимай Казыбек кызы менен аймактык кабарчы маек курду.

Бегимай Казыбек кызы 1992-жылы 9-декабрда Ак-Муз айылында туулган. Боогачы орто метебин аяктап, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетине тапшырып, ийгиликтүү аяктаган. Андан кийин «Ак-Жар Сезими» балдар бакчасында 10 жылдан бери иштеп келе жатат. Үй-бүлөлүү, 1 уул, 1 кызы бар. Жолдошу Тынчтык Тоголоков райондук билим берүү бөлүмүндө иштейт.

«Тарбиячылар арасындагы өтүп жаткан сынактын биринчи туру өзүбүздүн бакчада өткөн соң, райондук турга жолдомо алдым. Жетекчилик, бала бакча жамааты ишеним көрсөтүп жаткандан кийин ишеничтерин актайын дедим. Баш отум менен киришип катыштым. Болгон күч-аракетимди жумшадым. Көп окудум, улуу эжелерден кеңеш алган учурлар болду. Тарбиялануучуларым дагы жакшы катышып, жолдошум дагы жардам берди. 

Сынакка слайд жасадык, тесттен өттүк, сабак өттүк. Балдарга жандуу нерсе менен сабак өтөйүн деп, тирүү сөөлжандарды алып келдим. Балдарга халат, чепчик, кол каптарды кийгиздим. Алар сөөлжандарды “лупа” менен карап, колдоруна кармап дагы көрүштү. Эмне пайда, эмне зыяны бар экенин айтып бердим.

Сөөлжандын пайдасы көп. Ал нымдуу топуракта, кара топуракта, айдоо аянттарында болот. Топуракты жутуп, аны иштетип, органикалык зат кылып иштеп чыгарат. Ошол иштелип чыккан топодон витаминдүү жер-жемиштерди жейбиз. 

Изилдеп чыгып, зыяндуу жагын тапкан жокмун. Айнек, таштан башкасынын баарын жейт. Аны өстүрүп үйгө бизнес кылса дагы болот. Алар жаан-чачын болгондо жолго чыгып калат, мурун маани берчү эмесмин. Көрсө дем алыш үчүн чыгышат экен. Анткени жаан жааганда топонун ичинде аба көп жок болуп калат экен. Суу жылмакай болуп, сойлоп жүрүүгө ыңгайлуу болот. Анан дагы сөөлжандар менен тамактанган жырткычтар дагы сыртта аз болот экен.

Айылда байкемдер сөөлжан багат. Жер-жемиштер картошканын кабыгын, чирип кеткен жемиштерди ошонун үстүнө таштап салышат. Ошону жеп көбөйө беришет», – деди ал.

Кесиби өзүнө жагып, ар бир баланын мүнөзүн түшүнүп, психолог болуп калаарын билдирди.

«Биз балдарды көбүнчө илгерки методго салып, чаап коюу керек дейбиз. Бирок андай кылбаш керек. Алдап, мактап койсоң андан дагы ачылат. Зордук-зомбулук көрсөтпөй, баланын тилин таап, тили чыкпай жатса адистерге кайрылышса, балага жакшы көңүл бурушса деп айтаар элем», – деп сөзүн жыйынтыктады.

 

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleСаясий репрессиянын курмандыктарын реабилитациялоо боюнча комиссиянын курамы
Next Article Бишкекте курулуш материалдары дүкөндөрүндө цемент жок болууда

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.