Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Чүй облусунда канча ардагер калды?
Янгиликлар

Чүй облусунда канча ардагер калды?

Май 3, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата Кыргызстанда, анын ичинен Чүй облусунда бир катар иш-чаралар бекитилип, өткөрүлүп жатат. Өлкөдө согуш ардагерлеринин катары жылдан жылга кыскарууда. 

Чүй облусунун аймагында Улуу Ата Мекендик согуштун 4 ардагери, концлагердин 1 жашы жете элек туткуну, Ленинград блокадасынын 1 катышуучусу жашайт.

Межуев Семён Николаевич

Межуев Семён Николаевич

Межуев Семён Николаевич 1923-жылы 22-сентябрда Казакстандын түндүгүндөгү Костанай облусунун Костанай районуна караштуу Сергеевка айылында туулган. Учурда ал Аламүдүн районунун Ленинское айылынын Коммунарская көчөсүндөгү №26 үйдө жашайт. 

Ал 1942-жылдын 25-апрелинде Аламүдүн райондук аскер комиссариаты тарабынан фронтко чакырылган. 1942-жылдын 1949-жылдын мартына чейин Түркөнстанда Афганистан чек арасында кызмат өтөп, 1949-жылдын 16-мартында запаска бошотулган. 1946-жылы ССКПнын мүчөсү болуп, 1950-жылы Фрунзедеги филиалдын бухгалтери курсун бүтүргөн. Ленин атындагы колхоздо 1965-жылга чейин иштеп, 1965-жылдын август айында «СМУ-3 Фрунзе промстройго» кампачы болуп кабыл алынган. 1967-жылдын тресттин УПТКсына жумушка орношуп, 1985-жылы темир-бетон буюмдар кампасынын жетекчиси болуп которулган. Семён Межуев 3 баланын атасы. Бүгүнкү күндө 5 небереси жана 8 чөбөрөсү бар. 

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу катары Ленинское ҮДТда каттоодо турат. Учурда үй-бүлөлүк дарыгер тарабынан үйдө каралып, эч кандай даттануу жок, абалы туруктуу.

Сыйлыктары: “Германияны жеңгендиги үчүн” медаль жана юбилейлик медалдар. “Эмгек ардагери” медалы, “Кыргыз Республикасына 25 жыл юбилейлик” медалы жана “1941-1945 жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеңишке 70 жыл” юбилейлик медалдары бар.

Ветеран ВОВ Кошкоро Жаманкулов

Ветеран ВОВ Кошкоро Жаманкулов

// Turmush

Кошкоро Жаманкулов 1924-жылы 3-мартта Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Тунук айылында төрөлгөн. Кара-Балта шаарынын Жеңиш кварталы көчөсүнүн №19 үйүндө жашайт. 

Тянь-Шань облусунун Жумгал райондук аскер комиссариаты тарабынан фронтко чакырылган. Белорус, Ленинград фронтторунда, Литвадан жеңишти тоскон. Согуштан кийин Тунук айылында мугалим болуп иштеген. Андан кийин Калинин колхозунда эмгек жолун уланткан. Ардагер уулу Жаманкулов Бактыбек Кошкороевич менен чогуу жашайт. Ден соолугуна байланыштуу баса албайт. 

Сыйлыктары: «Жуковдун медалы», «Улуу Ата-мекендик согушта Германияны жеңгендиги үчүн» медалы менен сыйланган. 

Шальнов Антон Семенович 1927-жылы 11-августта Россиянын Смоленск облусунун Усвитин районуна караштуу Церковина айылында төрөлгөн. Кара-Балта шаарынын Комсомол көчөсүндөгү №11 үйдө жашайт. Белорус фронтунда танк аскерлеринин катарында согушкан. Согуштан кийин айдоочу болуп Кара-Балта шаарындагы автобазада эмгектенген.

Сыйлыктары: «Японияны жеңгени үчүн» медалы, «Жуковдун медалы» менен сыйланган. Жалгыз өзү жашайт. Ден соолуугуна байланыштуу үйдүн ичинде басат, социалдык кызматкердин кароосунда.

Николай Соколов

Николай Соколов

Соколов Николай Николаевич 1927-жылы 30-декабрда Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылында төрөлгөн. Учурда Кара-Балта шаарынын Токтогул көчөсүндөгү үйдө жашайт. 

1944-жылы ноябрь айында аскерге чакырылган, Ярославль шаарында танк училищада билим алган. Андан соң Брянск шаарында бузулган танкаларды оңдоо иштеринде катышкан. Белорус фронтунда согушкан. Келинчеги Соколова Елизавета Григорьевна менен чогуу жашашат. 

Сыйлыктары: Жуков атындагы медаль менен сыйланган. Юбилейлик сыйлыктары бар.

Тамара Кустова

Тамара Кустова

Кустова Тамара Павловна 1939-жылы 6-апрелде туулган. Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарынын Футбольная көчөсүндө жашайт. “Курчоодо калган Ленинграддын тургуну” катары белгиси ыйгарылган. Жалгыз жашайт, 1 уулу бар. Ал үй-бүлөсү менен өзүнчө турат. Бүгүнкү күндө №1 мектеп-гимназиясында химия сабагынан мугалим болуп иштейт.

Анна Сабурова

Анна Сабурова

Сабурова Анна Петровна 1944-жылы 25-январда туулган. Кара-Балта шаарынын Жеңиш көчөсүндө жашайт. Апасы Надежда Филипповнаны фашисттер Запорожье облусунун Червоноармейский районунун Спасовка айылынан Германиянын Мюнхен шаарына зордоп айдап кетишкен. Апасы 1923-жылы туулган. Ал жерде 1942-жылдын 25-майынан 1945-жылдын май айына чейин болгон. Аны менен бирге кызы Анна Сабурова болгон. 2-топтогу майып, эмгек ардагери. Учурда жалгыз жашайт.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleКыргызстандын волейболчулары Өзбекстандагы мелдешке катышат
Next Article Анын ата-энесине телефон чалып, ал кимди тааныбай калганын айтышкан

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.