Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Стамбулда 1-май — Эмгек жана тилектештик күнүн майрамдоодо чогулуш жана демонстрациялар жөнүндөгү мыйзамды бузгандыгы үчүн 407 адам кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн ички иштер министри Али Ерликая билдирди, деп жазат «Evrensel». Түркиянын Токат жана Ван шаарларында дагы бирден адам кармалган.
Стамбул адвокаттар коллегиясы Түркиянын жарандары «Таксим» аянтына тынчтык жолу менен өтүүнү каалашкан, бирок мыйзамсыз кармалышканын билдирди. Коллегиянын маалыматы боюнча, кармалгандардын арасында 10дон ашуун юрист бар. Адвокаттар кармоолорду мыйзамсыз деп аташты.
Стамбул бийлиги көп жылдардан бери «Таксим» аянтында массалык акцияларды өткөрүүгө тыюу салып келет. 2024-жылы 1-майда дагы демонстрация өткөрүүгө макул болушкан эмес, бирок адамдар тыюуга карабастан аянтка кирүүгө аракет кылышкан. Аларга каршы көздөн жаш агызуучу газ колдонулган, чогулгандар жооп катары таш ыргытышкан.
Стамбулдагы «Таксим» аянтында 1-майдагы биринчи массалык жүрүш 1976-жылы профсоюздук бирикмелердин демилгеси менен өткөрүлгөн. Бир жылдан кийин демонстрация учурунда 30дан ашык адам каза болгон: белгисиз адамдар кошуна имараттардан ок чыгарышкан, ошондой эле аянтта пайда болгон түртүшүүдөн улам да каза болгондор болгон.
Ок аткандардын бири дагы кармалган эмес. Трагедиядан кийин аянт майрамдар үчүн жабылган.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
