Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Ысык-Атада «Жылдын мыкты тарбиячысы — 2025» сынагында Наргиза Бийсакова жеңүүчү аталды
Янгиликлар

Ысык-Атада «Жылдын мыкты тарбиячысы — 2025» сынагында Наргиза Бийсакова жеңүүчү аталды

Май 3, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Ысык-Ата районунда «Жылдын мыкты тарбиячысы — 2025» сынагында 1-орунду жеңген Наргиза Бийсакова менен аймактык кабарчы таанышты.

Наргиза Бийсакова «Үмүт» балдардын патронаттык адаптациялык борборунун тарбиячысы болуп эмгектенип келет.

Ал Жайыл районуна караштуу Ставрополовка айылында 1989-жылы 11-июлда төрөлгөн. 1 уул, 1 кыздын апасы.

«Ставрополовка орто мектепти аяктап, 2014-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине тапшыргам. Жогорку окуу жайды 2018-жылы ийгиликтүү аяктадым. Мугалимдик кесипти тандашымдын себеби кичине кезимден бери балдар менен иштегенди кыялданчумун. Ар дайым алар менен убакыт өткөрүүнү жактырып, алардын кубанычы менен ийгиликтеринен шыктанчумун. Ошондуктан бала бакчада иштөө мен үчүн жөн гана кесип эмес, жүрөктөн чыккан тандоо болду. Бул сынакка окуу жылы башталгандан бери даярданып келдим.

Биздин жумуш таң аткандан баштап кечке чейин эле күлкү менен уланат. Мен өзүм шайыр жүрөм анан балдарымдын дагы ар дайым шайыр жүрүшүн каалайм. Аларды күлдүрүп, ойнотконду жакшы көрөм. Ойлосом өзүм да бала кыял экенмин. Жаңы келин болуп келгендеги бир окуя эстен кетпейт. Улуу абысыным экөөбүз удаа келин болуп келгенбиз. Экөөбүз тең үйдүн кичүүсүбүз. Анан кайын сиңдим болуп үчөөбүз ойнойбуз. Бир жолу баламдын коляскасына олтуруп алып, мени сүйрөттүргөнүм эсимден кетпейт. Ошентип коляскасын сындырганбыз.

Бала кыял, периште балдардын кыял-жоруктары, ар кыл окуялары көп болот. Ошолордун бири эсиме келди. Балдарды бийге даярдап, жуп-жуп кылып бийлетип жаткам. Бир бала эле жоош кыз менен бийлей албай, жүдөп атты. Анан эшикке сейилдегени чыксак, жанагы балам башка тайпадагы кызды көрсөтүп, «ошону менен бийлейинчи» дейт. «Сени менен бийлеген жуп бар да, эмне болду?» десем, «тайпадан тың кыз таппай атам» деп коет. Бир күлкүмдү тыя албайм. Чоң эле жигиттей сүйлөп койгонун эсететсем, азыр да күлкүм келет», – дейт Наргиза айым.

Келечектеги эң чоң максаттарынын бири балдарга сапаттуу жана жаңы технологиялар менен билим берүү жана алардын татыктуу тарбия алышына салым кошуу экенин баса белгиледи.

«Ар бир баланын мүмкүнчүлүгүн ачып, билимге болгон кызыгуусун арттырсам дейм. Менин хоббим китеп окуу жана чыгармачылык менен алектенүү. Бош убактымда жаңы маалыматтарды үйрөнүп, өзүмдү өнүктүрүүгө аракет кылам. Үзүрлүү эмгектин арты менен мэриядан, акимияттан, билим берүү бөлүмүнөн ыраазычылык кат, грамота алып жүрөм», – деди ал.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleТоок жумурткасын импорттоого 6 айлык тыюу салынды
Next Article Бишкек—Ош жолунда чет элдик жаран кырсыкка учурады

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.