Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – 2028-жылы Улуттук илимдер академиясынын Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институту Амударыя, Тарым дарыяларынын алаптарын жана Чатыр-Көл көлүнүн аймагындагы мурда гидрологиялык байкоолор жүргүзүлүп, учурда иштеп жаткан дарыяларды жана алардын куймаларын изилдейт.
Министрлер кабинети тиешелүү мамлекеттик тапшырыкты 24-апрелде бекитти.
Бул максаттарга Каржы министрлиги 2028-жылы 7 млн 735 миң сом бөлөт.
Суу-энергетикалык ресурстарга баа берүү боюнча долбоорду ишке ашыруу үчүн гидрологиялык посттордун жайгашкан жерин (WGS-84 мейкиндик координаттар системасында) жана алардын абалын тактоо, ошондой эле суунун чыгымына контролдук өлчөөлөрдү жүргүзүү жана кичи ГЭСтерди жайгаштыруу үчүн рекогносцировкалык иштерди өткөрүү зарыл.
Бул гидрологиялык посттор аткарылуучу талаа иштеринин объектилери болуп саналат.
Тарым дарыясынын, Чатыр-Көл көлүнүн жана Амударыя дарыясынын алаптарындагы гидрологиялык посттордун тизмеси
| № | Дарыя – гидропост | Гидропосттун учурдагы абалы |
| Тарым бассейни | ||
| 1 | Койлуу – чаты | 1992-жылдан бери жабык |
| 2 | Эңилчек | 1966-жылдан бери жабык |
| 3 | Кайыңды – чаты | 1965-жылдан бери жабык |
| 4 | Ак-Шыйрак – Музбулак дарыясынын чатынан 1,5 км жогору | 1992-жылдан бери жабык |
| Чатыр-Көл көлүнүн бассейни | ||
| Чатыр-Көл көлү туюк, ага куйган дарыялар кичинекей жана негизинен убактылуу мүнөздө, гидрологиялык байкоолор жүргүзүлгөн эмес | ||
| Амударыя дарыясынын бассейни | ||
| 1 | Кызыл-Суу – Дароот Коргон айылы | Иштеп жатат |

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
