Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Кечээ, 4-майда Бишкектеги №63 мектепте өрт чыкты.
Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, өрт окуу жайдын кабинеттеринин биринде чыккан. Анын кесепетинен директордун кабинети жана кабылдама күйгөн.
ӨКМдин кызматкерлери өрттү өчүргөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.
Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын корутундусуна ылайык, №63 мектеп өрт коопсуздугунун талаптарына жооп берген. Өрт гидранттары жана өрт өчүргүчтөр иштөө абалында болгон.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, өрттү 3 эсеп тобу өчүргөн. Маалыматка ылайык, 100 чарчы метр аянт күйгөн. Жабыркагандар жок.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
