Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Президенттин Конституция күнүнө карата куттуктоосу
Янгиликлар

Президенттин Конституция күнүнө карата куттуктоосу

Май 5, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда кыргызстандыктарды өлкөнүн Конституция күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Урматтуу кыргызстандыктар!

Сиздерди бүгүнкү Конституция күнү менен чын дилимден куттуктаймын!

5-май, Конституция күнү – бул баш мыйзамыбыз кабыл алынган күн гана эмес, ар дайым адилеттүүлүктү туу туткан элибиздин бийик демине жана жаркын келечегибизге болгон бекем ишенимди эске салып турган маанилүү күн.

Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, Конституция бул жөн эле беренелердин жыйындысын билдирбестен, ар кыл муунду бириктирген, тамырыбыз менен тарыхыбызды, ошол эле маалда күчтүү, бакубат Кыргызстан тууралуу келечекке болгон кыялыбызды чагылдыруучу негизги документ болуп саналат.

Биз ушул тапта Конституциябыздын деми менен башкарууда болобу, экономикада болобу, же жарандарыбызды колдоодо болобу, айтор, бардык тармактарда жаңы ыкмаларды киргизүү аркылуу жаңы илим-билимге, алдыңкы технологияларга жана тажрыйбага умтулуунун үстүндөбүз. Демек, биз ачык-айкын, тайманбаган туура жана татыктуу жолдо баратабыз.

Кыргызстан эли – өзгөрүүдөн коркпогон, өзүнө жана өлкөсүнө ишенген түптүү жана куттуу эл! Биз ондогон кылымды артка таштаган, нарк билги жана бай маданиятка тунган элибиздин тарыхын эч качан унутпайбыз.

Бүгүнкү күндө баса турган жолубузду билебиз, өнүгүп бара жаткан өлкөбүзгө ишенимдүү карайбыз.

Урматтуу мекендештер!

Дагы бир жолу Конституция күнү менен куттуктайм.

Ар жыл сайын Конституция күнү ар иште калыс, өнүгүп-өскөн Кыргызстанды куруу үчүн ар бир кадамдын, ар бир чечимдин маанилүүлүгүн эске салып турсун.

Баш мыйзамыбыз чечим кабыл алууда ойлогон оюбузда ар дайым багыт берүүчү алтын казыгыбыз болсун.

Мамлекетибиз бекемделип, элдин бийликке болгон ишеними артып, Кыргызстан жаңы бийиктиктерге карай ишенимдүү кадам таштай берсин!”.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleБорбор калаадагы №63 мектепте директордун кабинети өрттөндү
Next Article Жайыл районунда 8-класстын окуучусу эс алуу учурунда сууга чөгүп кетти

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.