Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Сосновка айылынын тургундары Кара-Балта дарыясына эс алуучулар тарабынан ташталган пластик таштандыларга нааразы. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.
Айыл тургундарынын айтымында, болгону бир нече эс алуу күнүнүн ичинде дарыядагы сууну бөлүштүрүүчү түйүндүн темир торлоруна ири көлөмдөгү пластик таштандылар топтолгон.
«Бул таштандыларды Сосновка айылынан жогору Кара-Балта дарыясынын жээгинде жайгашкан эс алуу жайларына барган эс алуучулар тарабынан ташталган калдыктар. Калдыктардын айрымдары темир торлорго илинип калса, калгандарын суунун агымы Чүй өрөөнүндөгү суу сактагычтарга чейин алып кетүүдө», – деп билдиришти тургундар.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
