Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Ысык-Атада «Жыл мугалими — 2025» сынагында Алтынай Жекшеева жеңүүчү аталды
Янгиликлар

Ысык-Атада «Жыл мугалими — 2025» сынагында Алтынай Жекшеева жеңүүчү аталды

Май 6, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Ысык-Ата районунда өткөн «Жыл мугалими — 2025» кароо-сынагында баш байгени утуп алган Алтынай Жекшеева бала кезинде аскер адамы болууну кыялданчу. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Каарманыбыз 1996-жылы 1-февралда Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында туулган.

Мектептен мектеп которуп окудум…

– Балалык кезим Бишкек шаарында өткөн. Атам Нурлан Жекшеев тергөөчү болуп иштеп, аскер адамы болгондуктан көп жерде иштеди. Подполковник чинин алып, ардактуу эс алууга чыккан. Апам Жылдызкан Ботобаева мугалим болуп эмгектенген.

Биринчи класска 2003-жылы Аламүдүн районунун Беш-Күңгөй айылындагы И.Таранчиев атындагы мектепке барып, 8-класстан кийин тестирлөөдөн өтүп «Анадолу» Кыргыз-Түрк кесиптик кыздар лицейинде окудум. Бирок үй-бүлөм менен Ысык-Ата районунун Рот-Фронт айылына көчүп келгенибизге байланыштуу 11-классты Д.Мамашова атындагы мектептен аяктадым. Мектепти бүткөндөн кийин Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетинде 3 жыл окудум. Бирок 2019-жылы Касым Тыныстанов атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине тапшырып, 2022-жылы филологиялык билим берүү багыты боюнча бакалавр квалификациясы ыйгарылды. Азыркы учурда ушул эле багыттын, магистратурасын окуп жатам.

Өзүм эмгек жолумду Д.Мамашова атындагы мектептен иштеп баштадым. Азыр ушул эле мектептин Жетиген айылындагы филиалында башталгыч класстын мугалими болуп эмгектенип жатам. 1 жыл мурун 2 мектеп оптимизация болгон. Ага чейин С.Жекшенбаев атындагы башталгыч мектеп болуп саналчу.

Сынакка кайын атам менен кайын энем чогуу даярданышты. Үзүрлүү эмгектин арты менен райондо өткөн «Жыл мугалими — 2025» сынагын утуп алдым. Бул сынакка катышуу оюмда бар болчу. Идея топтоп, мектеп ичинен ачык сабактарды өтүп, тажрыйба топтоп даярданып жүргөн элем. Бирок бул жылы катышуучу болом деп ойлогон эмесмин. Мектеп мүдүрүбүз “сен даярдан, быйыл катышасың” дегенде, мен дароо макул болдум. Адегенде мени колдогон адамдар көп болду. Сынака 1 ай катуу даярдык көрдүм. Мага көмөктөшүп эмгек жамаатым, жолдошум, бир туугандарым, ата-энем (кайнене, кайнатам) жанымда болушту. Уктабай күн-түн болсо дагы даярдык көрүп, мени менен отурган атама, апама ыракмат айтамын. Оюмда эмне болсо, кандай идея айтсам да колдоп, макул деп компьютер, кагаз чыгаруу жумушун атам (кайнатам) жасап берди. Сабакка даярдык көрүп, көрсөтмө куралдарды апам (кайненем жасап берди). Ошентип 1 ай кылган эмгегибиз акталды деп эсептейм.

Эсте калган кызыктуу окуя

– Балдар менен иштөө өзү эле кызыктуу, күлкүлүү окуялар күнүгө эле болуп турат. Өзүбүздүн класттын ичинде башка эчким түшүнбөгөн күлкүлүү окуялар менен байланыштуу сөздөрүбүз бар.

Бирок эсте калганы, жаңы мугалим болуп келгенде орус классты алдым. Анан кирип эле учурашып, акырын сабак өтүп баштадым. Орус класс болгон үчүн орус тилинде гана суйлөп, балдар кыргызча сүйлөсө «орусча сүйлөгүлө түшүнгөн жокмун» деп, сөз байлыгын көбөйтүүгө аракет жасадым. Бирок бир күнү, классымдагы бир бала үйүнө барып, “бизге келген мугалим кыргызча билбейт окшойт, орусча гана сүйлөйт. Бирин түшүнсөм, бирин түшүнбөйм” дептир. Аябай күлкүм келди, ошодон кийин баланын көзүнөн тушунбөй калганын сезсем, кыргызча дагы айтып берем.

Аскер адамы болгум келчү

– Аскер адамы болом деп кыялданып, бирок 2 сиңдим, 3 иним мени билинбей эле мугалимдикке даярдап жүрүшүптүр. Бул кесипке кичинекей кезимден эле даярданып жүргөндөймүн. 6 бир туугандын улуусу менмин. Диана, Зейне деген сиңдилерим, Адил-Акбар, Рамазан, Акниет деген инилерим бар. Кичинекей кезимде эле аларды карап, үйрөтүп, мектепке баргандан кийин сабактарына жардам берип жүрүп эле, мектептеги программаны 4-5 жолу кайталаптырмын. Бирок мугалим болом деп кыялданчу эмес элем. Атамдын жолун жолдоп, аскер адамы болом, же ушул тармак менен байланыштуу, форма кийип, кагаздар, документ менен байланыштуу жумуш менен жүргөнүмдү элестетчү элем. Бирок мен апамдардын (өзүмдүн апам жана кайненем) жолун жолдоп калдым, экөө тең мугалим.

Анан биринчи мугалимим Лакота Татьяна Ивановнанын сөзүн эстейм, “сен мугалим болсоң, жакшы мугалим болосуң” дечү эле. Биринчи мугалим ар бир адамга маанилүү, таасири күч адам болот го, мен дагы биринчи кумир туткан адамым десем дагы жаңылышпайм. Азыркыга чейин бизге жеткире түшүндүргөн темалары, үйрөткөн ырлары, ойноткон оюндары, бизге кылган мамилеси эсимде.

Бул кесипке, убагында мектептин мүдүрү болгон  Айгүл Буудайчиева (өзүмдүн кайненем) алып келген, мен өзүмө ишенбей турганда, “ой, Алтынай не беспокойся, ты сможешь, всё у тебя получится” деп класс берген. Азыр болсо классым менен аябай тыгыз байланыштамын.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleОшто социалдык объекттерди муниципалдык менчикке кайтаруу иштери жүрүүдө
Next Article @TURMUSH.KG — ФЕЙК

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.