Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Кыргызстандык спортчу Марлен Асикеев грек-рим күрөш боюнча АКШнын ачык чемпионатында жеңүүчү аталды.
Турнир 24-28-апрель күндөрү Лас-Вегас шаарында (Невада штаты) өттү.
Кыргызстандык спортчу 78 кг чейинки салмак категориясында күч сынашкан, бул салмакта жалпысынан 8 спортчу ат салышкан.
Орегон штатынын командасы үчүн күрөшкөн Асикеев 1/2 финалда биринчи атаандашын 9:0 эсебинде жеңип, финалга чыкты.
Чечүүчү беттеште Асикеев Чикагодон келген Александр Слободенюк менен күрөштү. Кыргызстандын спортчусу 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетип, турнирдин жеңүүчүсү болду.
Асикеев Кыргызстандын курама командасына 2015-жылы кошулган. 2017-жылы жаштар арасындагы Азия чемпионатынын коло медалын утуп, ал эми 2022-жылы Болгариядагы эл аралык турнирде үчүнчү орунду ээлеген. Асикеев Кыргызстандын үч жолку чемпиону, ошондой эле Азия, дүйнө чемпионаттарында жана Токиодогу Олимпиада оюндарынын алдында лицензиялык турнирде күч сынашкан.
Учурда Асикеев карьерасын спортчу жана машыктыруучу катары АКШда улантууда.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
