Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Министрлик бирдиктүү типтеги көп функционалдуу маданий борборлорду түзүүнү сунуштоодо
Янгиликлар

Министрлик бирдиктүү типтеги көп функционалдуу маданий борборлорду түзүүнү сунуштоодо

Май 6, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги «Маданият үйлөрүнүн жана айылдык китепканалардын ишмердигин реформалоо жана өркүндөтүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга койду.

Долбоор натыйжасыз жана иш жүргүзбөгөн айылдык китепканаларды жоюу максатында, китепканалардын, маданият үйлөрүнүн ишмердигин реформалоо жана өркүндөтүү зарылдыгына байланыштуу иштелип чыкты.

Министрлик учурда өлкөдөгү китепканалардын жалпы саны – 1050 экенин, анын ичинен: облустук китепканалар – 9, райондук китепканалардын саны: бардыгы райондук китепканалар – 64, алардын ичинен: айыл жериндеги райондук китепканалар – 52, шаарлардагы райондук китепканалар – 19, айылдык китепканалар – филиалдар – 859, шаардык китепканалар – филиалдар – 116 экенин маалымдайт.

«Учурда 859 айылдык китепкананын ичинен 51 авариялык абалда, анын ичинен 214 китепкана капиталдык салымдарды талап кылууда. Тилекке каршы, иштеп жаткан китепканалар да окурмандардын аздыгынан жапа чегишет. Зыяратчылардын жана жазылуулардын саны жөнүндө маалыматтар көбүнчө туура эмес жана бурмалап берилет, бул китепканалардын ишмердүүлүгү жөнүндө нааразылык иллюзияларын түзүүгө алып келет. Бул иш жүзүндө жергиликтүү калктын керектөөлөрүн канааттандырбаган кызмат көрсөтүүлөргө суроо-талап жөнүндө жаңылыш түшүнүктөрдү жаратат», – деп баяндалат долбоордун негиздеме кат бөлүгүндө.

Министрлик айылдагы китепканалар олуттуу кыйынчылыктарга туш болуп жатканын белгилеп, жоюла турган китепканалардын китеп фонду мектеп китепканаларына өткөрүлүп берилерин, ал эми штаттык саны жергиликтүү билим берүү мекемелеринин карамагына өткөрүлөрүн маалымдады.

«Өлкө боюнча жалпы 40 райондук жана 20 шаардык маданият сарайы/маданият үйлөрүнүн ичинен 17 капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж жана 4 авариялык абалда, 11 мекеменин өзүнүн имараты жок. Техникалык персоналды кошпогондо ар бир мекемеде 12ден 15ке чейин кызматкер эмгектенип, директор 21 000 сомдон, негизги персонал 15 000 сомдон жогору айлык акы алышат. Жалпы 650 айылдык маданият үйлөрү/клубдардын ичинен 199 капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж жана 61 авариялык абалда. Техникалык персоналды кошпогондо ар бир мекемеде 1 же 2 кызматкер эмгектенип, айлык акысы 14-15000 сомдун тегерегин түзөт.

Бирок жалпысынан республика боюнча канааттандырарлык эмес абалда турган маданият үйлөрү/клубдар 50%дан ашат деп болжолдоого болот. Анткени маданият үйлөрүнүн сүрөттөрүн жана кыскача аннотацияларын алгандан кийин, имараттардын абалы боюнча тиешелүү органдардын расмий корутундусу жок болсо да, алардын көбү канааттандырарлык эмес абалда экени аныкталган.

Мындан тышкары, көптөгөн мекемелерде керектүү материалдык-техникалык база жок, бул маданий иш-чараларды өткөрүүгө жана программаларды ишке ашырууга олуттуу тоскоолдук кылат. Ал эми айылдык клубдарда музыкалык аспаптар, сахна кийимдери, өз алдынча көркөм чыгармачылыктын катышуучулары үчүн костюмдар жокко эсе. Маданият үйлөрүнүн негизги ишмердүүлүгү — жергиликтүү деңгээлде маданий-массалык иш-чараларды өткөрүү, ошондой эле калк үчүн акысыз чыгармачыл ийримдерди ачуу болуп саналат», – деп айтылат документте.

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу, токтомдун долбоору менен типтүү көп функционалдуу маданий борбордун концепциясынын долбоорун жана көп функционалдуу маданий борбордун типтүү эскизин сметалык-эсептик документтери менен бирге иштеп чыгып, Минкабдын кароосуна киргизүү сунушталууда.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleРоссиянын Коргоо министрлиги бир түндө жүздөн ашык учкучсуз учуучу аппарат атып түшүрүлгөнүн билдирди
Next Article Токтогулда эки жүк ташуучу унаа бет маңдай кагышып, жабырлануучулар ооруканага жеткирилди (видео)

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.