Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » 34 жаштагы Бегимай Жакыпбекова Петровкадагы бала бакчада өтүлгөн сынакта мыкты эне аталды
Янгиликлар

34 жаштагы Бегимай Жакыпбекова Петровкадагы бала бакчада өтүлгөн сынакта мыкты эне аталды

Май 7, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Чүй облусунун Москва районуна караштуу Петровка айылындагы «Аруузат» балдар бакчасында өтүлгөн сынакта 34 жаштагы Бегимай Жакыпбекова мыкты эне деп табылды. 

Бегимай Жакыпбекова 1991-жылы Жайыл районуна караштуу Бөксө-Жол айылында жарыкка келген. Ал 5 баланын энеси, учурда үй кожейке.

«Өткөн 2024-жылдын декабрь айында Петровка айылынын тарыхында алгачкы жолу 170 орундуу балдар бакчасы ачылып, “Аруузат” аталышын алган. Мен да электрондук кезек менен 5 жаштагы кызым Дарияны тапшыргам. Жакында аталган бала бакчада “Мыкты эне” сынагы өтүлдү. Ага 7 тайпадан 7 айым балдарыбыз менен катышып, өз өнөрлөрүбүздү көрсөттүк. Адаттагыдай эле саламдашуу, өзүн-өзү тааныштыруу жана башка баскычтарынан өтүп, “өз балаңды тап”  аттуу бөлүгүндө башкача сезимге бөлөндүм. Көзүм жоолук менен таңылган соң, катар тизилген балдарды колунан кармап бара жатып, өз кызым Дарияны колунан, жытынан тааныдым. Көрсө эне жүрөгү, сезими өзгөчө тура. Тааныш, эне мээрими төгүлгөн кол. Аны жок эле дегенде күнүнө 100 ирет кармайм. Өбөм, жыттайм, түнү менен кучактап жатам. Ошон үчүн бактылуумун. Сынакта кызым экөөбүз баш байгени багындырып,  мыкты эне аталдым», – деди Бегимай Жакыпбекова.

Ал балалык, жаштык күндөрүн эске салып, эне болуу бактысы чексиз экендигин баса белгилеп, жашоосу жөнүндө кеп козгоду. 

«Анда биз да чачыбызга ак бантик байлаган секелек кыз элек. Кечке оюнга тойбогон,    куурчак менен ойногон учур. Ошондой окуучулук күндөрдө келечекте мугалим, же стюардесса болом дечүмүн. Мугалим балдарга билим берет деңизчи, аны билем. Бирок стюардесса кандай жумуш аткара турганын билбей эле, жарашыктуу кийимине кызыгып, көктө учак менен учууну элестетчүмүн. Бирок жашоо, тагдыр мени үй кожейкеси болууга багыттады. Бойго жетип, курбуларым аркылуу токтогулдук Байсалбек аттуу жигит менен таанышып, 20 жашымда  турмушка чыктым. 4 кыз жана 1 уулду болуп, куттуу үйдө аларды тарбиялап жатабыз. Буюрса, баатыр эне болом деп күлүп калам. Албетте, үйдө отурат десе эле бир жактуу түшүнбөө керек. Колумдан баары келет, ашкананын көркүн чыгарам. Жаштайымдан эжем Индирадан кол өнөрчүлүктү үйрөнүп, обон созуп, түркүн ырларды жаңыртам. Дария кызым кийип, сынакка катышкан кийим курактан жасалган этностилдеги өз колум менен тигилген көйнөк. Аны 8 жаштагы Сумая кызыма кичинесинде тиккен элем. Ал эми мен кийген көйнөктү эжем Индира тиккен. Кол өнөрчүлүктүн түрлөрүн жасайм. Тыным алдырбаган үй жумушу мага жашоо ыракатын берет. Балдарымдын окуусуна көз салып, үйдө мугалим болсом, кээде кыялымда  көктө сызган стюардессамын. Бактылуу энемин, жолдошумдун сүйүктүү жарымын. Сынакта кызым экөөбүз өнөрүбүздү көрсөтүп ардак грамота, ыраазычылык кат, белек алдык. Бала бакчанын жамаатына, жетекчиси Нургүл Саманчиева эжейге терең ыраазычылык билдирем», – деди ал.

Иш-чара Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата эскерүү кечеси менен коштолгон. Ага Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Жеңиш Байсулдаев жана ата-энелер катышкан.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleСара Назарбаева ооруканага жаткырылды
Next Article Кантта Жеңиштин 80 жылдыгына карата эл аралык каратэ-до мелдеши өттү

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.