Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Япониянын мурдагы императору 91 жаштагы Акихито бүгүн, 6-майда Токио университетинин ооруканасына жүрөгүн текшерүү үчүн жаткырылганы кабарланды. Маалыматка ылайык, анда миокарддын ишемиясы болушу мүмкүн экендиги аныкталган.
Мурунку император 2012-жылдын февраль айынан бери биринчи жолу ооруканага жаткырылгандыгы кабарланууда. Ооруканага аны 90 жаштагы жубайы Митико коштоп барган.
Апрель айынын ортосунда императордук сарайдын ооруканасында пландаштырылган медициналык кароо учурунда Акихитодо миокарддын ишемиясы болушу мүмкүн деген шек жаралган. Миокарддын ишемиясы — бул жүрөк булчуңуна кан жетүүнүн бузулушу. 4-майда анын Сэндэн-госё резиденциясында (Минато районунда) кайрадан текшерүү жүргүзүлгөндөн кийин, ага бул оорунун ыктымалдуулугу жогору деген диагноз коюлган. 2022-жылдын июль айында Акихитого үч клапандын жетишсиздигинен улам келип чыккан оң тараптуу жүрөк жетишсиздиги диагнозу коюлган. Ошондон бери ал дары-дармектерди ичүү жана суюктукту чектөө сыяктуу дарылануудан өтүп келет.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
									 
					