Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Жалал-Абад шаарында мектеп лигасы жыйынтыкталды. Бул тууралуу Turmush басылмасына Жалал-Абад облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Нурсултан Рустамов билдирди.
Анын айтымында, катышуучулар 7 дубан жана 2 шаардан катышкан.
«1-6-май күндөрү Жалал-Абад шаарында “Мектеп лигасы — 2025” өткөрүлдү. Ага жалпы 468 окуучу 7 облустан жана 2 шаардан катышкан. Алар спорттун 3 түрүнөн күч сынашты. Футбол боюнча балдар командасы гана болсо, валейбол жана баскетбол оюндарынан кыздар, балдар командалары күч сынашты. Лиганын жалпы жалпы байге фонду 9 млн сомду түздү. Жыйынтыгында, 5 команданын ичинен алдыңкы 3 орунду камсыздагандарга, тагырагы 1-орунга 800 миң сом, 2-орунга 600 миң сом, 3-орунга 400 миң сомдон акчалай сыйлыктар жана кызыктыруучу белектер тапшырылды», – дейт Н.Рустамов.
«Мектеп лигасы» — бул Кыргызстандагы мектеп окуучуларынын арасында өткөрүлүп жаткан ири масштабдагы спорттук долбоор. Анын негизги максаты — жаштар арасында спортту жайылтуу жана дени сак жашоону пропагандалоо. Бул лига футбол, волейбол, баскетбол сыяктуу түрлөрдү камтыйт.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
									 
					