Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Минкаб «Кыргыз Агрохолдинг» менен «АгроСмарт» ишканаларына Байтиктеги жер тилкелерин жана имараттарды өткөрүп берди
Янгиликлар

Минкаб «Кыргыз Агрохолдинг» менен «АгроСмарт» ишканаларына Байтиктеги жер тилкелерин жана имараттарды өткөрүп берди

Май 7, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Минкаб жана Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаментинин алдындагы «Кыргызмамасылтукумзаводу» мамлекеттик ишканасынын балансында турган Байтик айылындагы жер тилкесин андагы имарат менен кошо «Кыргыз Агрохолдинг» ААКсына жана «АгроСмарт» мамлекеттик мекемесине өткөрүп берди. Бул тууралуу Минкабдын 2025-жылдын 21-апрелиндеги № 324 тескемесинде баяндалат.

Тескемеге ылайык, «Кыргыз Агрохолдингге» Чүй облусу, Аламүдүн району, Байтик баатыр айыл аймагы дарегинде жайгашкан, идентификациялык коддору: 701-14-0028-0048, 701-14-0028-0025, 701-14-0009-0337, жалпы курулган аянты 16676,72 чарчы метр имараттар жана курулмалар жана кыймылдуу мүлк жайгашкан жалпы аянты 1291,133 га жер тилкеси мал чарбасы багытындагы агроөнөр жай комплексин куруу үчүн 49 жылдык мөөнөткө ижарага берилет.

Ал эми «АгроСмартка» идентификациялык коду 701-04-0009-0338 болгон, жалпы курулган аянты 567,20 чарчы метр жана имарат (административдик корпус) жайгашкан жалпы аянты 0,56 га жер тилкеси агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү заманбап технологияларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча агротехнопаркты түзүү үчүн оперативдүү башкаруу укугунда акысыз жана мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берилди.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине:

– имараттар, курулмалар жана мүлк жайгашкан жер тилкелерин «Кыргыз Агрохолдинг» ААК жана «АгроСмарт» мамлекеттик мекемеси менен КРнын мыйзамдарына ылайык акысыз мөөнөттүү пайдаланууга келишимдерди түзүүнү камсыз кылуу (акысыз мөөнөттүү пайдаланууга келишимдер пайдалануунун шарттарын сактабаган учурда аларды бузуу жөнүндө шарттарды камтууга тийиш);

– жер тилкелерин кабыл алуу-өткөрүп берүүнү жүргүзүү тапшырылды.

Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигине жер тилкелерине укуктарды белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөрүү тапшырылды.

«Кыргыз Агрохолдинг» компаниясына төмөнкүлөр сунушталды:

– пайдаланууга берилүүчү жер тилкесинде жайгашкан имараттарды жана курулмаларды колдонуудагы мыйзамдарга ылайык этабы менен демонтаждоону жана бузууну жүргүзүү;

– «Кыргызмамасылтукумзаводу» мамлекеттик мекемесинин балансында турган мүлктү кабыл алууда өзүнчө келишимдин алкагында тиешелүү милдеттенмелерди алуу.

Тескеменин аткарылышын көзөмөлдөө Президенттин администрациясынын президенттин жана Минкабдын чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлдү.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous Article2024-жылы жергиликтүү бюджетке 22 млрд 1,1 млн сом бөлүнгөн
Next Article Алайда 4 баллдык жер титирөө болду

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.